Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Ростов облусунда Storm Shadow ракетасынын сыныктары табылды


Storm Shadow ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Storm Shadow ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ростов облусу 19-декабрга караган түнү ракета соккусуна кабылганын облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Юрий Слюсарь билдирди.

Анын маалыматына караганда, абадан коргонуу системасы Ростов-на-Дону, Батайск, Таганрог, Шахты, Каменск, Миллерово жана Новошахтинск шаарларында дрон жана ракета чабуулунун “мизин кайтарды”.

Ростов облусунда атып түшүрүлгөн ракеталардын сыныктарынын арасынан биринчи жолу Британияда жасалган Storm Shadow ракетасынын сыныктары байкалган.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү Орусияга атылган делген Storm Shadow ракетасынын сүрөтүн жарыялады. “Каардуу империяга каршы Scalp & Storm Shadow ракеталарынан өткөн эч нерсе жок!” деген билдирүүдөн башка маалымат берилген жок.

Ноябрдын ортосунда АКШ менен Британия Украинага ATACMS жана Storm Shadow ракеталык комплекси менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени белгилүү болгон. Америка чыгарган ATACMS жана Британияда жасалган Storm Shadow ракеталары бутага жогорку тактык менен узак аралыктан сокку ура алат.

Буга чейин Украина бул ракеталар менен Орусиянын чек аралаш аймактарын бутага алганы кабарланган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG