Орусиянын мамлекеттик "Росатом" корпорациясы Казакстандагы айрым уран кендериндеги үлүшүн кытайлык компанияларга сатууда. Бул тууралуу "Казатомпромго" таянып Рейтер агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, "Казатомпром" 17-декабрда билдиргендей, "Росатомго" караштуу Uranium One Group компаниясы Заречное кениндеги өзүнүн 49,979 % үлүшүн SNURDC Astana Mining Company Limited ишканасына саткан. Ал кытайлык мамлекеттик China General Nuclear Power корпорациясына таандык.
Бул кендеги урандын кору 3,5 миң тоннаны түзөт. Андан тышкары Uranium One Group Кызылордо облусундагы Харасен кениндеги 30% үлүшүн China Uranium Development Company Limited компаниясына сатары күтүлүүдө. Ал жакта урандын кору 33 миң тоннаны түзөт.
"Казатомпром" бул кендердеги өз үлүшү өзгөрүүсүз каларын билдирди. Ал эми "Росатом" комментарий берген эмес. Кытай казак уранын ири сатып алуучулардын бири.
Рейтердин маалыматына караганда, Uranium One 2023-жылы Казакстанда 4831 тонна уран казып алган. Орусия уран өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат. "Росатом" Казакстанда чыгарылган кенди кошкондо 2023-жылы өндүргөн урандын көлөмү боюнча үчүнчү орунга чыкканын билдирген.
Казакстандагы 14 уран кенинин алты кенде Орусиянын мамлекеттик компаниясынын үлүшү бар эле. Буга чейин "Казатомпром" Орусияга киргизилген санкциялардан улам уранды Батышка сатуу оор болуп жатканын билдирген.
Шерине