Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

Абактагы активисттер Төрөкулова жана Аранова катаал шарттагы режимге которулду


Каныкей Аранова (солдо) жана Зарина Төрөкулова (оңдо).
Каныкей Аранова (солдо) жана Зарина Төрөкулова (оңдо).

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) №2 түзөтүү мекемесиндеги жарандык активисттер Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова катаал шартта жаза өтөө режимине которулганын ырастады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, №2 түзөтүү мекемесинде (аялдар абагында) жаза өтөө тартибин карасанатайлык менен бузган 16 соттолуучу, анын ичинен Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова катаал шартта жаза өтөө режимине которулган.

ЖАК түзөтүү мекемесинде соттолгондор жалпы, катуу жана жеңилдетилген шартта кармаларын түшүндүрдү. Соттолгондордун кармалуу шарттарын которуу атайын комиссиянын чечими менен Жазык-аткаруу кодексинин негизинде жүргүзүлөт. Катаал шартта жазасын өтөп жаткан соттолуучу кайрадан тартип бузбаган учурда алты айдан кийин жалпы режимге которулат.

ЖАК Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова кандай тартип бузганы жөнүндө маалымат берген жок.

16-декабрда "Кылым шамы" укуктук борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондор кармалган режимге которулуп жатканын жазып, тынчсыздануусун билдирген. Ал өлкө жетекчилерине кайрылып, маселеге көңүл бурууга чакырган.

“Эки аялдын тең балдары бар, Каныкей Аранованын жашы жете элек кызы бар. Алар балдарын жалгыз чоңойтуп, тарбиялап, эч нерседен кем кылбай өстүрүп келет. Эки аял тең Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Степное айылындагы №2 аялдар колониясында кармалууда, ошол эле жерде аларды катаал режимдеги түрмөгө которууну пландашууда”, - деп жазган укук коргоочу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) активист Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып, ал кайра камалган.

28-июнда сот жарандык активист Каныкей Аранова 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Аранова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылган.

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган. Эжеси Ырысгүл Аранова сиңдиси анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк-аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын "Азаттыкка" билдирген. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG