Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:03

Грузия Эстония менен Литванын өкмөт башчыга санкция салганын сындады


Тбилисидеги евроинтеграцияны жактаган акция. 16-декабрь, 2024-жыл
Тбилисидеги евроинтеграцияны жактаган акция. 16-декабрь, 2024-жыл

Грузиянын президенти жана парламент тааныбаган өкмөтү Эстония менен Литва премьер-министр Ираклий Кобахидзеге салган санкцияларды комментарийлеп, жооп иретинде чара көрбөй турганын билдирди.

Билдирүүдө Таллин жана Вильнюстун чечими “антигрузиялык” деп аталган, бирок элдер ортосундагы “салттуу достукка доо кетирбеш үчүн бир тараптуу өнөктөштүк режиминде калышары” айтылат.

Грузиянын өкмөтү Эстония менен Литванын суверенитети “Европа Биримдигинин алкагында чектелген, алардын бийликтери... чет элдик администрациянын көрсөтмөсү менен аракеттенет” деп эсептейт.

Бул тууралуу "Кавказ жаңырыгы" сайты жазды.

Эстония жекшембиде Кобахидзеден тышкары 13 аткаминерге жана сотторго, Литва премьери жана грузин бийлигинин дагы 16 өкүлүнө санкция салган. Ага чейин Таллин, Вильнюс жана Рига башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилини жана адам укуктарын бузганы үчүн ал өлкөнүн Ички иштер министрлигинин жетекчисин, бир нече кызматкерин “кара тизмеге” киргизген.

13-декабрда Кошмо Штаттар Грузиядагы демократияга бүлүк салууга жоопкер дагы 20 адамга санкция салганын Мамлекеттик департамент билдирген.

Грузияда нааразылык акцияларынын жаңы толкуну башталганына эки жумадан ашты.

28-ноябрда өкмөт башчы Еврошаркетке кошулуу сүйлөшүүлөрү 2028-жылга чейин токтоп турарын жарыялагандан кийин евроинтеграцияны жактагандар Тбилиси жана башка шаарлардын көчөлөрүнө чыккан. Акциялардын катышуучуларына күч колдонгон учурлар көп болууда.

14-декабрда шайлоочулар коллегиясы президенттикке Батышка каршы, орусиячыл билдирүүлөрү менен таанылган саясатчы, мурдагы футболчу, 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини тандады.

Шерине

XS
SM
MD
LG