Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

Иранда катуу сууктан өкмөттүк кеңселер, мектептер жабылды


Иран
Иран

Иранда катуу сууктан жана газ тартыштыгынан улам өкмөттүк кеңселер жабылып, мектептер онлайн сабактарга өттү.

“Фарда” радиосу маалымдагандай, түндүк чөлкөмдөрдө соңку күндөрдө абанын температурасы -20 градуска чейин түшүп кетти. Президент Масуд Пезешкиан өткөн аптада энергияны үнөмдөө үчүн жарандарды үй жылыткычтарды 2 градуска төмөндөтүүгө чакырган. Ушундай эле чакырыктар менен башка расмий адамдар чыгышты.

Жаратылыш газынын такталган кору боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган менен Ислам жумуриятында эскирген инфраструктурасынын айынан кышкысын энергияга болгон талапты жабууда кыйынчылыктар жаралат.

Улуттук газ компаниясынын өкүлү Хасан Мусави былтыр ушул эле мөөнөт менен салыштырганда газды керектөө 17 процентке өскөнүн ишембиде билдирди.

Андан тышкары Иран газын Түркия жана Иракка экспорттойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG