Жекшембиде Газадагы "Хан Юнис" качкындар лагерине коюлган аба соккусунан кеминде 20 киши өлгөнүн палестиналык дарыгерлерге шилтеме менен Рейтер агенттиги жазды.
Курман болгондор арасына аялдар менен балдар бар экени маалымдалды.
Кабарга ылайык, ал күнү анклавда бардыгы болуп 53 киши каза тапты, катарында Al Jazeera телеканалынын бир журналисти, куткаруучулар бар.
AFP Катарда жайгашкан каналга шилтеме менен оператор Ахмед ал-Лух Нусейрат лагеринде “Изаилдин бомбалоосунан” набыт болгонун кабарлады.
Израил армиясы (ЦАХАЛ) ал-Лух жихадчылардын мүчөсү болгонун айтты. Израилдик аскерлер телеканалдын журналисттерин ХАМАС жана өнөктөшү “Ислам жихады” уюму менен байланыштары үчүн бир нече жолу айыптаган.
ЦАХАЛ ошондой эле абадан жана жерден коюлган чабуулдардан ондогон согушкер жок кылынганын жана туткунга алынганын, "Абу Шабака" клиникасынын комплексинде жайгашкан "хамасчылардын" курал кампасы бутага алынганын билдирди. Рейтер агенттиги бул маалыматты камтыган видеону көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эместигин кошумчалады.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси оорукана, анын ичиндеги психикалык ооруларды дарыялаган жай талкаланганын маалымдады.
Ушул эле мекеме согуш башталгандан бери тилкеде каза болгондордун саны 44 миң 976ге жеткенин, 106 миң 759у жарадар болгонун жекшембиде билдирди.
Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газанын аймагынан Израилге кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, дагы 250дөй кишини барымтага алган. Ошондо ЦАХАЛ согушкерлерге каршы согуш жарыялаган.
Уруштун айынан анклавдын калкынын басымдуусу бир нече жолудан жер которду. Айдын башында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Газа “ачарчылыктын босогосунда турганын, саламаттык сактоо системасы талкаланганын” билдирген.
Шерине