Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


16-декабрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар мол жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…-9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -4…-6° суук болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG