Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

Тбилисиде нааразылык акциядан улам балаты күйгүзүү иш-чарасы өтпөдү


Тбилиси, Грузия. Декабрь, 2024-жыл.
Тбилиси, Грузия. Декабрь, 2024-жыл.

Тбилисинин мэри Каха Каладзе шаардын борбордук аянтындагы Жаңы жылдык балатынын отун күйгүзүү салтанатын кийинкиге калтырды. Буга аянтка парламенттик шайлоону жаңыдан өткөрүүнү талап кылган оппозиционерлер, алардын тарапкерлери чогулганы себеп болду. Мэр аларды чагымчылыкка айыптады.

"Сиздер билгендей, биз бүгүн саат жетиде балатынын отун күйгүзөбүз деп жарыялаганбыз. Бул эң ириде биздин балдарыбыздын майрамдык салтанаты. Радикал оппозиция ушунчалык төмөн деңгээлге түшүп, балдарга арналган балатынын алдын ээлеп алды”, - деген Кахаладзенин сөзүн “Кавказ жаңырыгы” сайты жазды.

Ишембиде балатынын алдына Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили келген.

"Эч кабатыр болбоңуздар, бул кечте эч кандай окуя болбойт. Биз баарыбыз чогуу болобуз. Эч кандай чагым болбойт. Мен да эне жана чоң энемин”, - деди ал.

Ошентсе да балаты күйгүзүлгөн жок. Салтанат белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мэр балатынын оту “качан гана оппозиция балдардын жолун тоспогон күнү” күйгүзүлөрүн айтты.


Зурабишвили мурдараак балатынын отун күйгүзүү салтанатын парламенттин алдында эмес, президенттик резиденциянын жанында өткөрүүнү сунуштаган. Мэр аны “майрамды бузгусу келет” деп айыптаган.

46 жаштагы мэр Каха Каладзе мурдагы футболчу, Тбилисинин жана Киевдин “Динамо” командаларында, “Миланда” жана Грузиянын курамасында ойногон. 2012-жылы “Грузин кыялы” партиясына кирип, парламентке шайланган. Өкмөт курамына дайындалган. Партия аны Тбилисинин мэрлигине шайлоодо да колдоду.

14-декабрда Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке мурдагы футболчу, 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини тандаган. Оппозиция жана президент бул шайлоону тааныган эмес.

Кавелашвили парламенттин үч чакырылышында депутат болгон жана Батышка каршы, орусиячыл билдирүүлөрү менен белгилүү. АКШ менен Европа Биримдигин "Грузияны Орусия менен кагылыштырууга кызыкдар" деп айыптаган.

Добуш берүү күнү евроинтеграцияны жактаган жана Кавелашвилинин шайланышына нааразы болгон жүздөгөн адам кар жааганына, суукка карабай акциясын улантты.

“Грузин кыялы” азыр өлкөдө башкаруучу партия. Оппозиция жана ага ыктаган президент аны бийликти узурпациялоого айыптап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG