Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:02

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль кутум тууралуу айыптоону четке какты


Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль. Архив
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль. Архив

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль кутумга барган деген айыптоолорду четке кагып, аскердик абал киргизүү "терең ойлонулган саясий чечим болгонун" билдирди.

Мамлекет башчы "улутту коргоо жана мамлекеттик иштерди жөнгө салуу" максатында өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып аскердик абал жарыялаганын, оппозиция өкмөттүн ишине бут тосконун айтты.

Юн Сок Ёль ошондой эле аны отставкага кетүү чакырыктарын төгүндөп, "импичменттен кыянат пайдаланып жатат" деп оппозицияны күнөөлөдү. Ал импичмент жарыяланса же тергөөгө алынса да буга каршы күрөшөрүн убада кылды.

Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги маалымдады.

Президенттин теле кайрылуусу алдында башкаруудагы "Элдин күчү" партиясынын лидери Хан Дон Хун депутаттарды импичментти колдоп добуш берүүгө чакырды. Буга чейин саясатчы ага каршы болчу.

Бийликтеги партиянын позициясынан улам 7-декабрда мамлекет башчыга импичмент жарыяланбай калган. Маселе 14-декабрда дагы бир жолу колго салынмакчы.

3-декабрдын кечинде президент Юн Сок Ёль күтүүсүздөн аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердиги өкмөткө жолтоо болуп жатканы", "Түндүк Кореянын ички тарапташтары менен күрөшүү зарылдыгы" менен түшүндүргөн.

Президенттин кайрылуусунан бир нече сааттан кийин парламент анын жарлыгын жокко чыгарган.

9-декабрда Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.

Шерине

XS
SM
MD
LG