Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:49

Британия Кыргызстанга 1,8 млрд фунт стерлинг бөлөт


Улуу Британиянын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуу Британиянын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Британиянын өкмөтү Кыргызстанга 1,8 млрд фунт стерлинг бөлөт. Бул акча Британиянын эксперттик-насыя агенттиги - UK Export Finance (UKEF) аркылуу берилет.

Британиянын Кыргызстандагы элчилиги 12-декабрда маалымдагандай, аталган агенттик атаандаштыкка туруштук берүүгө багытталган түрдүү долбоорлорду ишке ашырууну каржылап келет. Негизги шарты - долбоордун жалпы суммасынын 20% Британиянын товарлары же кызмат көрсөтүүлөрү болууга тийиш.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер тараптар көп тармактарда кызматташуусу мүмкүн экенин белгилеп, UKEF бизнестин дээрлик бардык түрүнө ачык экенин айтты.

"Улуу Британия тоо-кен, айыл чарба, билим берүү, курулуш, темир жол жана инженердик технологиялар жана креативдүү тармактарда кызматташууну сунуштайт. Британиялык фирмалар UKEF агенттигинин жардамы менен Кыргызстанга алдыңкы технологияларды жеткиликтүү жана коопсуз алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, бул эки өлкөнүн соода алакасында бурулуш учур болот деп үмүттөнөм", -деди элчи.

Улуу Британия Кыргызстандан негизинен алтын сатып алат. Быйылкы он айда аталган өлкө 870 млн долларга 11 тонна кыргыз алтынын сатып алган.

Орусияда мигранттарга текшерүү жана басым күчөгөндөн тартып, кыргызстандык мигранттар АКШга, Улуу Британияга, Европа Биримдигиндеги мамлекеттерге барып жатканын “Азаттык” баяндаган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, былтыр Британия мезгилдүү айыл чарба жумуштарына жалпысынан 8-10 миң жумушчуга квота берген, Кыргызстан анын 5 200үн гана жөнөтө алган.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги 2011-жылдын аягында иштей баштаган. 2013-жылы формалдуу ачылышы болгон. Ага чейин Бишкекте Улуу Британиянын Өнүгүү департаментинин өкүлчүлүгү иштеген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG