Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Кабулдагы жардырууда талибдердин министри Халил Хаккани каза тапты


Халил Хаккани
Халил Хаккани

Ооганстандын “Талибан” жетектеген өкмөтүндөгү Качкындар маселелери боюнча министри Халил Хаккани Кабулдагы жардыруу маалында каза тапты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына бийликтеги эки булак билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, министрликтин комплексинде болгон жардыруудан дагы бир нече киши набыт болду. Бирок так маалымат айтылган жок.

Маркум Халил Хаккани - талибдердин ички иштер министри Сиражуддин Хакканинин аталаш агасы.

Ал “Талибан” Ооганстандагы бийликке кайтып келген талибдердин 2021-жылдын августунан бери киши колдуу болуп өлгөн биринчи жогорку өкүлү.

АКШ Халил Хакканини 2011-жылы 9-февралда террорчулардын глобалдык "кара тизмесине" киргизген жана аны кармоого жардамдашкан маалымат үчүн 5 миллион доллар убада кылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG