Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Махачкала аэропортундагы антисемиттик тополоңго байланыштуу жети киши абакка кесилди


Махачкала аэропорту. 29-октябрь, 2023-жыл
Махачкала аэропорту. 29-октябрь, 2023-жыл

Ставрополь крайынын Александров райондук соту Махачкала аэропортунда болгон антисемиттик тополоңго байланыштуу жети кишини 8-9 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Орусиянын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Жанмирза Алиев, Али Амирханов, Алимурат Бабатов, Запир Батырбеков, Рамазан Карнаев, Исмаил Салмаханов жана Махач Тучуев былтыр октябрда «Израилдин жарандарына улуттук жана диний жек көрүүнүн, кастыктын негизинде тартип коргоочулардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, зомбулук жана мүлктү талкалоо менен коштолгон массалык тоз-тополоңго катышкан».

Башкы прокуратура башаламандык учурунда аэропорттун 24 миллион рублга бааланган мүлкү жок кылынганын, бийликтин 30 өкүлүнө каршы «тартип бузуу» катталганын кошумчалады.

Былтыр 29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураандарды чакырып, Тел-Авивден учак келердин алдында Махачкаланын аэропортун басып алган. Чогулгандар Израилге нааразылыгын билдирип, жөөттөрдү аймактан кууп чыгууну талап кылышкан. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган жана аэропорттун аймагына кирип барган.

Дагестандын тергөө комитети массалык тополоңго байланыштуу кылмыш иш козгогон.

Шерине

XS
SM
MD
LG