Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

11-декабрь: Канибадамда бир үй-бүлөнүн өлүмү иликтенүүдө, Бишкек абасы кир шаарлардын сап башында


Телефонунан абанын сапатынын көрсөткүчүн карап турган бишкектик тургун.
Телефонунан абанын сапатынын көрсөткүчүн карап турган бишкектик тургун.

11-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Газада 30дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды

Шаршембиге караган түнү жана таң эрте Израилдин соккусунан Газа тилкесинде кеминде 31 киши каза тапканын палестиналык дарыгерлерге шилтеме менен Рейтер агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, Беит Лахья шаарындагы турак үйгө дүрмөт тийгенде бери дегенде 22 киши, арасында балдар менен аялдар набыт болду. Маркумдардын жакындары алардын ысымдарын социалдык медиага чыгарышты. Рейтер жазгандай, палестиналык WAFA кабар агенттиги көп кабаттуу турак жайда кеминде 30 киши жашап атканын, бир нечеси дайынсыз экенин маалымдады. Израилдин армиясы – ЦАХАЛ сокку тууралуу маалыматты текшерип жатканын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ ЖКга январда түшөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылы январь айында киргизилерин айтты. “Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын”, - деди ал. 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген. Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.

Канибадамда бир үй-бүлөдөн алты кишини өлтүрүп кетишти

Тажикстандын Канибадам районунда дагы бир үрөй учурган окуя катталды. «Озоди» радиосу маалымдагандай, дүйшөмбү күнү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн – жубайлар менен төрт баласынын сөөктөрү табылды. Наимжон Нематов 37, аялы Нафиса 33 жашта болчу. Эң улуу кызы 13, кичүүсү эки жашка чыккан. Расмий органдар эч кандай комментарий бербегени, маркумдардын туугандары да журналисттер менен сүйлөшүүнү каалабаганы маалымдалды. «Азия Плюс» агенттиги күбөлөргө таянып, Наимжон Нематовдун башы көгала болгонун жазды. Үй-бүлө миграцияда жүргөндө тапкан каражаттын эсебинен күн көрүп келген, Нематовдун орус жарандыгы бар болчу. Бир жылда Согд облусундагы Канибадам районунда бери дегенде беш үй-бүлө киши колдуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, көп учурда аларды муунтуп өлтүрүшкөн.

Спикер Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт. Спикер бул тууралуу парламенттин 11-декабрдагы жыйынында айтып, буга ЖКда журналисттер жыйын болуп жатканына карабай депутаттарды чакырып суроо бергенин мисал кылды. Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган.

Казак полициясы Талгарда өлтүрүлгөн өспүрүмдүн атасын 15 суткага камады

Казакстандын Ички иштер министрлиги 16 жаштагы өспүрүм Шерзат Болаттын өлүмү боюнча иш жыл аягына чейин аяктарын билдирди. Мекеме тараткан маалымат боюнча ушу тапта кылмышка байланыштуу 11 киши камакта отурат.

Ал арада Алматы облусунун Енбекшиказак районунун соту маркумдун атасы Каржаубай Нурымовду коомдук тартипти бузган деген негизде 15 суткага камаганы белгилүү болду. Мындай маалымат соттордун расмий Телеграм-каналына чыкты. Полициянын өкүлү "Нурымов жолду тороп, адамдарды коркуткан" деп билдирди. Ошондой эле стресске кабылган атанын саламаттыгы начарлаганын кошумчалады.

Нурымовдун адвокаттары соттун чечимине каршылыгын билдирип, апелляциялык доо арыз менен кайрылганы жатышат.

9-декабрда Талгар шаарынын четинде маркумдун агасы Нурганат Гайыпбаевдин сөөгү табылган. «Азаттыктын» казак редакциясы факт боюнча кимдир бирөөнү өз жанын кыюуга түртүү беренеси менен иш козголгонун кабарлады. Бирок жакындары анын өз жанын кыйганына ишенишпейт. Укук коргоочу Саида Таукелева Гайыпбаев Шерзаттын иши боюнча жапа чеккендердин бири болгонун, сотко даярданып жатканын айтты.

Абактагы Ташов 6-декабрдан бери кургак ачкачылык кармап жатат

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын адвокаты Нурсултан Жаныбеков 11-декабрда "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ташов сот отурумунун мыйзамсыз өтүүсүнө, адилетсиз жана негизсиз айып коюлганына, арыздары каралбай жатканына жана курулуш компаниясынын банктык эсептердин камакка алынышына нааразылык иретинде суу да ичпей, кургак ачкачылык жарыялаган.

Жаза аткаруу кызматы Имамидин Ташовдун ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат бере элек.

Масалиев коррупциядан өндүрүлгөн каражат ачык болушу керектигин айтты

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев коррупциядан, убагында мыйзамсыз менчиктештирилип, кийин мамлекетке кайтарылган имараттар тууралуу коомчулукка ачык маалымат берилиши керектигин билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген. Ал 16-17-декабрда жемкорлуктан түшкөн каражат тууралуу кенен маалымат берүүнү убада кылды.

Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын сап башында

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 11-декабрдагы индексинде Бишкек кечинде (саат 19:42) 243 деген көрсөткүч менен биринчи сапка чыкты. Андан кийинки саптарда Дакка, Лахор, Тегеран жана Ташкент шаарлары турат.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын ноябрь айындагы индексинде Бишкек 185 көрсөткүчү менен абасы таза эмес шаарлардын баштапкы беш сабына кирген.

Зардалыга электр жарыгы берилди

Энергетика министрлиги 10-декабрда Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылындагы 56 үйгө, 2 мечитке, 1 фельдшердик-акушердик пунктка жана 1 мектепке күн батареялары аркылуу электр энергиясы берилгенин билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, ар бир үйгө жана мамлекеттик имаратка минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 күн батареялары, көчөлөргө 600 Вт батареясы менен 75 прожектор орнотулду. Долбоорду ALL SOLAR ишканасы 390 миң 144 долларга (33,5 млн сом) ишке ашырды. Баткендин борборунан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо боорундагы кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG