Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

“Каракол” эл аралык аэропорту модернизациядан кийин ачылды


“Каракол” эл аралык аэропорту. 11-декабрь, 2024-жыл.
“Каракол” эл аралык аэропорту. 11-декабрь, 2024-жыл.

Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациядан кийин 11-декабрда ачылып, ага президент Садыр Жапаров да катышты. Аэропорттун аэробекет комплексинин жаңы имараты курулуп, учуу-конуу тилкеси 2450 метрге узартылды. Аэропорт саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат.

Садыр Жапаров Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга аракеттер көрүлүп жатканын, ал ишке ашса Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк болорун айтты. Ушундан улам дагы 2 чоң учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.

“Тарыхый өңүттөн алып караганда Кыргызстан Евробиримдиктин авиация тармагынын кара тизмесинен чыгуу маселесине эч качан мынчалык көңүл бурган эмес экен. Атүгүл, буга чейин бул багытта олуттуу кадамдар да жасалбаптыр. Биз азыр бул маанилүү этапты жеңип өтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз”, - деди ал.

Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” киргизилген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.

Мурдараак Кыргызстандын авиа компанияларын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги биримдиктин департаменти менен жолугушууларды өткөрүп жатканы кабарланган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG