Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:57

9-декабрь: Матраимовго өкүм чыкты, Путин Асадга саясий башкалка берди


Райымбек Матраимов кармалганда УКМК тараткан сүрөт. 2024-жыл, март
Райымбек Матраимов кармалганда УКМК тараткан сүрөт. 2024-жыл, март

9-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Райымбек Матраимовго өкүм чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 6-декабрда өкүм чыгарганы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, сот Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салды. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, материалдык зыянды төлөгөндүктөн, эркинен ажыратылган эмес. Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилип, УКМКнын тергөө абагына камалган. 11-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыккан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айткан.

Адвокат камакта болгондуктан, төрт журналисттин соту жылды

9-декабрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Актилек Капаровдун, Айке Бейшекееванын жана Азамат Ишенбековдун иши боюнча соттук отурум 18-декабрга жылдырылды. Буга Капаровдун адвокаты Самат Матцаковдун камакта экени негиз болду. Журналисттердин адвокаттары Матцаковду УКМКнын тергөө абагынан алып келип, соттук жараянга катыштыруу керектигин, бул жактоочунун жана ал коргоп жаткан жарандын да укугу экенин айтышты. Судья аны четке кагып, Капаров кийинки соттук отурумга чейин башка адвокат тапмай болду. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Журналисттер Капаровго жана Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Төрт журналисттин адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берип, ал каралып жатат. УКМК ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген, акын, ырчы Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.

Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты. Бишкектин Биринчи май райондук соту “Азаттыкка” билдиргендей, тараптар жарашкандыктан, судья 9-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп, тергөө абагынан бошотту. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган. УКМК аны 12-августта кармаганы белгилүү болгон. Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр, саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат.

Темир жол долбоору үчүн Жалал-Абаддан 44,29 га жер бөлүндү

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Жалал-Абад облусунан 44,29 гектар жер трансформация болуп, “айыл чарба, суу фондунун жерлери” категорияларынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика” категориясына которулду. Ага ылайык, айрым адамдардын айыл чарба багытындагы жерлери башка категорияга которулуп жаткандыктан, аларга башка жерден тилке берүү маселесин чечүү милдети Жалал-Абад шаарынын мэриясына жүктөлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Президент Садыр Жапаров 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алынуучу айланма жолдун ачылышында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна ушул айдын аягында капсула салынарын айтты.

БУУ Коопсуздук кеңеши Сириядагы абалды талкуулайт

9-декабрда Орусиянын демилгеси менен чогулган сессия жабык эшик артында өтмөкчү. Орусиялык маалымат каражаттары кабарлагандай, Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвага учуп барып, баш калка алды. АКШнын администрацисы бул маалыматты бышыктай албасын, бирок ага ишенбөөгө негиз жоктугун белгиледи. Москва Асаддын режимин колдоп, Сирияда эки аскердик базасын кармап келатат. Медиа Сириянын борбору Дамаскта дүйшөмбү күнү аба соккуларынын добушу угулуп жатканын жазышты. Бирок ким аткылаганы белгисиз. Ага чейин "Рейтер" агенттиги Израил жекшембиде Дамаскка үч сокку урганын маалымдаган.

Путин Башар Асадга саясий башкалка бергени бышыкталды

Кремль Сириянын президенти Башар Асадга саясий башкалканы Владимир Путин өзү бергенин билдирди. 9-декабрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андай чечимдер мамлекет башчы тарабынан гана кабыл алынарын белгилеп, Асаддын азыр кайда экенин кабарчыларга айтпай турганын кошумчалады. Жекшембинин кечинде орусиялык маалымат каражаттары козголоңчулар борбор шаар Дамаскты жана башка ири калааларды ээлегенде Асад өлкөсүнөн чыгып кеткенин, Орусиядан башкалка алганын жазган. Кремлдин өкүлү Путиндин иш жадыбалында Асад менен жолугушуу каралбаганын айтты.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды

"Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча, башкы прокурор О Дон Ун парламенттик угууда тергөөчүлөрдөн президенттин өлкө сыртына чыгуусуна тыюу салуу тапшырмасы түшкөнбү деп сурады жана "ооба" деген жооп алды. Мамлекет башчы өзгөчө абал киргизгени үчүн айыпталууда. Associated Press Юстиция министрлиги тиешелүү чечим кабыл алганын, президентти өлкөдөн чыгарбай туруу арызы менен коррупцияны териштирген башкармалык кайрылганын жазды. Жекшембиде Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо үчүн парламенттеги 300 депутаттын 195и гана добуш берүүгө катышты. Мыйзам боюнча президентке импичмент жарыялоо үчүн кеминде 200 депутаттын макулдугу керек.

Грузин ИИМи Тбилисидеги митингдерде 400дөн ашуун киши кармалганын билдирди

Бул тууралуу жекшембиде Грузиянын ички иштер министринин орун басары Александр Дарахвелидзе билдирди. Ал 30 киши кылмыш жообуна тартылганын, 372сине административдик иш козголгонун тактай кетти. Андан 100дөн ашуунуна айып пул салынды. Дарахвелидзе митингчилер тартип коргоочуларга каршы пиротехника жана "Молотов коктейлдерин", темир, жыгач союл колдонгонун, 150дөн көп полициячы жабыркаганын белгиледи. Кармалгандар арасында оппозиция өкүлдөрү да бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG