Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Биткоиндин наркы тарыхта биринчи жолу 100 миң доллардан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Binance биржасынын маалыматына караганда, биткоиндин баасы 5-декабрдын таңында алгач ирет бул көрсөткүчтөн ашты. Маалыматты 20дай биржага көз салган CoinMarketCap сайты дагы жазды.

Биткоиндин баасы Дональд Трамп АКШнын президенти болуп шайлангандан кийин жогорулай баштаган. 5-ноябрдан бери биткоиндин баасы 40% жогорулады. Ал эми жыл башынан бери эки эсе өстү.

Трамп Кошмо Штаттарды "дүйнөлүк криптоборборго" айлантууну убада кылган. Азыр адистердин эсебинде, криптовалютанын базары үч триллион долларды түзөт.

Үч жыл мурда Трамп биткоинди "алдамчылык" деп атаган.

Ал криптовалютаны айныксыз жактаган Пол Аткинсти Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиянын башчылыгына көрсөткөнү белгилүү болду.

Биткоин- дүйнөдө эң кеңири жайылган криптовалюта.

Криптовалюта – интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча. Ал жөн гана шифрленген коддордун жыйындысы же тиешелүү компьютердик программалар аркылуу эсептелип, иштелип чыккан сандардын топтому.

Шерине

XS
SM
MD
LG