Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

ЖАК абактагы Мелис Аспеков ачкачылык кармоо тууралуу кабар бергенин ырастады


Мелис Аспеков. Архив сүрөт.
Мелис Аспеков. Архив сүрөт.

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) абактагы активист Мелис Аспековдун абакта ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

Мекемеден "Азаттыкка" билдиришкендей, учурда №3 түзөтүү мекемесинде кармалып турган Аспеков 5-декабрда ачкачылык кармай турганын абак администрациясына кабарлаган.

“Бүгүн ал ачкачылык жарыялангандыгы тууралуу билдирүү менен №3 мекеменин жетекчисинин атына арыз менен кайрылган. Мекеменин администрациясы тарабынан зарыл болгон түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Социалдык тармактарда жарыяланган камеранын сүрөтү интернет булактарынан алынган жана соттолгон Мелис Аспековдун кармалган жерине тиешеси жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

ЖАК Аспековдун айып изоляторуна камалып-камалбаганын жана ачкачылыкты кармап атабы, жокпу тактаган жок. Аспеков менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана прокуратура кызматкерлери жолугушканын, соттолуучунун жазык аткаруу мыйзамдарындагы укуктарынын бузулганы аныкталбаганын кошумчалады.

Бүгүн Аспековдун Фейсбук баракчасында анын айып изоляторуна камалганына 37 күн болгонун, ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат жайгаштырылган. Аны бул баракчага ким жарыялаганы белгисиз. Активисттин жакындары же жактоочусу кабар бере элек.

Аспеков буга чейин соцтармактар аркылуу азыркы бийликти коррупцияга айыптаган бир катар видеолорун жарыялаган. Анын видео кайрылууларын АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңов) Фейсбук баракчасына жайгаштырып турган.

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда "Кабар" агенттигине маек куруп, Мелис Аспековдун билдирүүлөрүн “жалаа” деп атаган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын билдирип келатат. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG