Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Башкы прокуратура Аксыда мектептин курулушунда 7 млн сом уурдалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксы районунун прокуратурасы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин курулушунда 7 млн 198 миң 990 сом каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, прокурордук текшерүү учурунда Сары-Челек айыл аймагындагы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин имаратын куруу иштеринде “МК С.” аттуу ишкана сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма актылар аркылуу каражаттарды мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталган. Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курулуштун толук бүткөнүн текшербей туруп, акчаны которуп, объектини пайдаланууга кабыл алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголду. Ишти Аксы райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат.

Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер уланып жатканы айтылды. Курулуш ишин аткарган жана кабыл алган тарап комментарий бере элек.

Башкы прокуратура ноябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Падек айылында жайгашкан Т.Жоробаев атындагы орто мектептин имараты сапатсыз курулганы аныкталып, кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы үч жылда курулушу башталып, бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80% бүткөрүлгөнүн, 214 жаңы мектеп салынганын билдирген. Ал ошондой эле 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG