Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Садыр Жапаров Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту


Садыр Жапаров (оңдо) жана Айсен Николаев (Якутиянын башчысы) Бишкек. 29.11.2024
Садыр Жапаров (оңдо) жана Айсен Николаев (Якутиянын башчысы) Бишкек. 29.11.2024

29-ноябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ынтымак ордодо Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, маданий жана тарыхый байланышты бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине токтолду. Ал Саха Республикасынан келген опера жана балет театрынын гастролдору жана хапсагай боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу иш-чаралардын ийгилигине ыраазычылык билдирип, мас-рестлинг боюнча алдыдагы мелдештерге жогорку үмүт артарын белгиледи.

Мамлекет башчы бизнес байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сунуштарды берди. Туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, эки өлкөнүн туристтик багыттарын өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

Президент Бишкекте орнотулган Максим Аммосовдун эстелигин кыргыз-орус достугунун символу катары баса белгилеп, Якутияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын урматтап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2025-жылы Кыргызстанда Якутиянын Маданият күндөрү өткөрүлөрүн айтып, бул иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурууга ишеним артты.

Якутиянын башчысы Айсен Николаев Кыргызстандын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, кыргыз-якут мамилелеринин бекемделишине чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ал товар жүгүртүүнүн өсүп жатканын жана Якутиянын жетекчилиги кыргыз ишканалары менен байланыш түзүүгө жардам көрсөтөрүн билдирди.

Айсен Николаев 2026-жылы Кыргызстанда "Азия балдары" көчө оюндарын өткөрүү идеясын сунуштады.

Жолугушуу соңунда эки тарап кызматташтыкты арттырууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдиришти.

Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев Кыргызстанга 29-ноябрда иш сапар менен келди.

Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын курамындагы Саха Республикасы көбүнчө маданий жаатта кызматташып келет. Якутиянын Платон Ойунский атындагы улуттук академиялык драма театры 2021-жылы Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повестинин негизинде "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин Кыргызстандагы театрларда койгон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG