Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Бишкекте курулушта иштеген жигит көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында 18 жаштагы жигит курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-ноябрь күнү болуп, милицияга билдирүү саат 18:00 чамаларында түшкөн. Жеринде текшерүү жүрүп, 18 жаштагы жигит каза болгону аныкталган.

Факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маалымат каражаттары кырсык Borsan курулуш компаниясына тийиштүү объектердин биринде болгонун жазышууда.

Аталган компания окуя тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн кулап каза болгон окуялар буга чейин да болгон.

Ушул жылдын сентябрь айында Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүм өзү иштеп жаткан курулуштун 13-кабатынан кулап каза болгон.

Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги буга чейин Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерин текшерүү учурунда жашы жете элек балдардын иштеп жүргөндүгү, жеке коргонуу каражаттарынын жоктугун аныктаган. Бул үчүн "Тагай Бий" компаниясына айып пул салган.

Аталган агенттик курулушта коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып, мыйзам бузган учурда курулуш иштерине лицензияларды кайтарып алууга чейинки катуу чаралар колдонорун эскерткен. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG