Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

28-ноябрь: Газадагы соккуда дагы ондон ашык киши каза тапты. Милицияны видеого тартууга тыюу салуу сунушу биринчи окуудан өттү


Газа. Качкындар лагери
Газа. Качкындар лагери

28-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Газада дагы 17 кишинин өмүрү кыйылды

Израил армиясы - ЦАХАЛдын соккусунан бейшембиде Газа тилкесинде бери дегенде 17 палестиналык каза тапканын жергиликтүү дарыгерлер билдиришти. AP агенттиги ЦАХАЛ анклавдын борбордук бөлүгүн бомбалоону күчөтүп, танктары түндүк жана түштүктө ичкери жерлерге жылып жатканын маалымдады. Дарыгерлердин айтымында, Бейт-Лахияда турак жайга жана оорукананын жанына урулган соккудан жана Хан-Юнис шарында мотоциклге тийген дүрмөттөн алты киши каза тапты.

Израилдин учактары Нусейраттагы качкындар лагерине бир нече сокку урганы, көп кабаттуу имарат талкаланганы, мечиттин жанындагы жолдорго дүрмөт тийгени кабарланды. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттыкты сактоо мекемесинин өкүлдөрү ал жакта кеминде жети киши набыт болгонун билдиришти. Маалыматка ылайык, танктын аткылоосунан бери дегенде эки киши – аял менен бала каза тапты, бешөө турак жайга тийген дүрмөттөн мерт кетти. ЦАХАЛ түнкү жана бейшемби күнкү соккуларды комментарийлеген жок.

Кыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түштү

Кыргызстанда орус валютасы - рублдин сомго карата курсу түшүп кетти. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 28-ноябрда рублдин курсу 81 тыйын деп турат. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир рубль 78 тыйындан сатып алынып, 83 тыйындын тегерегинде сатылууда. Ал эми Орусиянын өзүндө ушул күндөрү 1 доллар 113 рублге чейин көтөрүлүп кетти. Расмий маалыматка караганда, Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Алар рублдин куну түшсө, тапкан каражаты Кыргызстанга салганда аз болуп жатканын айтышууда.

Казакстан: Путиндин сапарына каршы чыккан активисттер бейбаштыкка айыпталды

Марат Жанузаков, Бауржан Балташев жана Уалихан Негметов «майда бейбаштык» үчүн айыпталып жатат. “Азаттыктын” казак кызматына Марат Жунузаков бейшембиде маалымдагандай, активисттер үйлөрүнүн жанында Казакстан жана Украинанын желектерин кармап үнсүз турушкан. Кийин аларды полицияга чакырып, кечки тогуздан түнкү үчкө чейин кармашкан. Жанузаков 28-ноябрда сот болорун кошумчалады.

Бир күн мурда интернетке жайгаштырылган сүрөттө Балташев жана Негметов желектерди кармап турушат. Жанузаковдун колундагы кагазда “Жогорку мартабалуу мырза, Казакстандан жоголуңуз!” ("Ваше превосходительство, пошел на хрен из Казахстана!") деген орусча жазууну көрүүгө болот. 27-ноябрда Путин Астанага мамлекеттик сапар менен барган. Баннерлердеги "Жогорку мартабалуу Владимир Путин мырза, Астанага кош келдиңиз!" деген кайрылуу социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жаратты. Казак Тышкы иштер министрлиги мындай баннерлер мамлекеттик сапардын протоколуна жараша жазылганын билдирди. 28-ноябрда ЖККУнун саммитине катышкан Путиндин сапары Украинадагы кырдаал курчуп, Орусия өлкөнүн энергетикалык жайларына жапырт сокку урган маалга туш келди.

Тимур Абдисатар уулу 20-январга чейин камалды

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу 2025-жылдын 20-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-ноябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып коюлууда. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыяланганын 25-ноябрда билдирген. Ал 26-ноябрда ИИМге өзү барып, тергөөдөн качпаганын, издөөгө алынганын билбей жүргөнүн айткан. 20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот. Бул тасмага байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы кармалып, 20-январга чейин камакка алынды.

“Яндекс.Таксинин” ишмердигин текшерүү сунушу берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигин айтты. Ал “Яндекс.Таксинин” комиссиясы 21% чейин көтөрүлүп кеткенин билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Яндекс.Такси” компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда монополист деп тапкан. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.

Румынияда орусиячыл талапкер алдыга чыккан президенттик шайлоодогу добуштар кайра саналат

Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи айлампасында берилген добуштарды кайра текшерүү жана санап чыгуу буйругун чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыктын” румын кызматы кабарлады. 24-ноябрда биринчи турда ашынган оңчул, Орусияга ыктаган көз карандысыз талапкер Кэлин Жоржеску добуштардын дээрлик 23% алып, алдыга чыккан. Экинчи болуп марага Кымпулунг шаарынын мэри Елена Ласкони келген. Жарыштын фаворити аталган солчул премьер-министр Марчел Чолаку үчүнчү орунду ээледи. Сотко дагы бир талапкер, добуштардын 1,04% алган Кристиан-Василе Тержеш кайрылып, үгүт учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгонуна даттанган. Шайлоонун экинчи айлампасы 8-декабрга белгиленген.

Милицияны видеого тартууга тыюу салган долбоор биринчи окуудан өттү

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-ноябрдагы отурумунда биринчи окуудан кабыл алды. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда милиция кызматкерлерин мыйзамсыз сүрөт-видеого тартып, интернетке жарыялаган окуяны кайра эле милиция териштиргени туура эмес болорун эскертти. Парламент аталган мыйзам долбоорун 30-октябрдагы отурумунда болочокто укугун коргогусу келген жарандарга каршы иштеп калышы ыктымалдыгын айтып, артка кайтарган. Мыйзам долбооруна ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, алардын ишине кийлигишүү жана дискредитациялоо максатында тартылган видеолор үчүн 5000 сом айып пул же 5 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу жазасы каралат.

Шерине

XS
SM
MD
LG