Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Куррамда суни жана шийи жамааттары ортосунда элдешүү келишимине жетишилди


22-ноябрдагы кол салууда каза тапкан кишинин жакындары маркумдун сөөгүн алып кетүүдө. Пакистан
22-ноябрдагы кол салууда каза тапкан кишинин жакындары маркумдун сөөгүн алып кетүүдө. Пакистан

Пакистандын түндүк-батышындагы Куррам районунда суни жана шийи жамааттары ортосунда жарашуу келишимине жетишилди. Бул тууралуу AFP агенттиги кабарлады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, бир нече күн мурун тутанган мазап аралык зомбулуктан 100дөн ашык киши каза тапты, ондогону жараат алды.

27-ноябрдын кечинде чыккан маалыматка караганда, өкмөттүк аскерлер уруулар байырлаган Хайбер-Пахтунхва провициясынын алыскы Куррам районунда жайгаштырылып, ок атышпоо макулдашуусунун сакталышына көз салып турмакчы. Туруктуу тынчтык орнотуу багытындагы сүйлөшүүлөр уланарын, набыт болгондордун жакындарына кенемте төлөнөрүн жергиликтүү бийликтин кеңсеси билдирди.

Кагылышуулар 21-ноябрда белгисиз адамдар 200дөй шийи бараткан унаа кербенине ок ачканда тутанган. Ондогон киши, арасында аялдар менен балдар каза болгон.

Аймактын бийлик өкүлдөрү 24-ноябрда жети күндүк элдешүүнү макулдашканы менен, тараптар аны бузушкан.

Пакистандын 250 миллиондой калкынын көбү суни багытындагы мусулмандар. Бирок Куррамда ири шийи жамааты жашайт. Ондогон жылдардан бери ал жерде кагылышуулар болуп келет. Быйылкы июлдан бери эле 200дөн ашуун киши каза тапты.

Мазап аралык жаңжалдар адатта жер талаштан келип чыгат.

Шерине

XS
SM
MD
LG