Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:58

НАТО–Украина кеңеши Орусиянын жаңы ракета тууралуу билдирүүсүн талкуулайт


НАТО кеңсеси. Бельгия.
НАТО кеңсеси. Бельгия.

Бүгүн 26-ноябрда Брюсселде НАТО–Украина кеңешинин (NUC) биргелешкен жыйыны өтүп, анда Орусия өткөн аптада Украинанын аймагына гипер ылдамдыкта орто аралыкка атылуучу ракета менен атканы боюнча маселе каралат.

Украинанын жана альянска мүчө 32 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен мындай жыйын өткөрүү демилгесин украин тарап көтөргөн.

Буга Орусия президенти Владимир Путин Украинанын аймагына гипер ылдамдыктагы "Орешник" ракетасы менен сокку урулганын 21-ноябрда жарыялаганы себеп болгон. Путин бул жаңы ракета экенин билдирген жана Украина Батыш берген алыскы аралыкка атылуучу ракетаны АКШдан уруксат алгандан кийин Орусиянын аймагына учурганына жооп болгонун айткан.

Орусия Украина аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк эмес баллистикалык ракета менен сокку урганын билдирген Путин:

"Күжүрмөн шартта орусиялык орто аралыкка атуучу эң жаңы ракеталык системалардын бири да сыноодон өткөрүлдү, анда өзөктүк эмес, гипер ылдамдыктагы баллистикалык ракета колдонулду", - деген.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия орто радиустагы баллистикалык жаңы ракетасын Украинага каршы колдонгонун Путиндин соңку кездеги кырдаалдын курчушуна алып келүүчү экинчи кадамы деп атаган. Биринчи кадамы Түндүк Кореянын аскерлерин согушка салып жатканы болгонун белгилеген Зеленский Путиндин жаңы ракета тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу "согуштун масштабын жана ырайымсыздыгын ачык жана олуттуу түрдө күчөтүү" жүрүп, Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын абийирсиздик менен бузуп жатканын айткан.

NUC Украинанын НАТОго мүчө болуу аракетин активдештирүүгө колдоо көрсөтүү максатында уюмдун былтыр Вильнюста өткөн саммитинде түзүлгөн биргелешкен орган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG