Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

БАЭде раввиндин өлүмүнө Өзбекстандын үч жараны шектелүүдө


Цви Коган.
Цви Коган.

Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) бейшембиден бери дайыны аныкталбай жаткан раввин, Израилдин жана Молдованын жараны Цви Когандын сөөгү табылып, анын өлүмүнө тиешеси бар деген шектүүлөр арасында Өзбекстандын үч жараны боюнча версия каралууда. Бул тууралуу 25-ноябрда "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

Полиция Коган киши колдуу болгонун айтууда. Ал 2020-жылдан бери БАЭде жашачу, иудейлердин жергиликтүү диний "Хабад Любавич" ортодокс кыймылынын өкүлү болчу. 21-ноябрда дайынсыз жоголгон раввинди издөө иштерине өзү жашаган жердин полициясы менен катар Израилдин чалгын кызматы да катышты.

Аны атайылап уурдап кетишкени, мунун артында Ирандын атайын кызматы турары тууралуу версиялар айтылды.

Когандын машинеси Абу-Дабиден 150 чакырым аралыктагы аймактагы шосседен табылганы белгилүү болду.

Окуяга Өзбекстандын үч жаранынын тиешеси болушу ыктымал экенин атайын кызмат өкүлдөрү билдиришти. Ошол эле күнү алар БАЭден Түркияга учуп кеткени маалымдалды.

Израилдин премьер-министринин кеңсеси жана бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги биргелешкен билдирүү жарыялап, Когандын өлүмүн "үрөй учурган антисемиттик террордук акт" деп аташты. Аталган эки мекеме кылмышкерлер кайсы жерде болбосун, жоопко тартылышы үчүн бардык аракет көрүлөрүн убада кылышты. Израилдин Улуттук коопсуздук агенттиги израилдик жарандарды БАЭге барбай коё турууга чакырды.

АКШ администрациясы Когандын өлүмүн айыптап, "тынчтык, сабырдуулук жана жанаша жашоо" принциптерин даңазалаган бардык адамдарга каршы жасалган кылмыш болгонун белгиледи.

Ирандын БАЭдеги элчилиги Тегеранга каршы айыптоолорду четке кагып, "бул адамдын өлүмүнө Ирандын кайсы бир тиешеси бар экени тууралуу айтылып жаткандын баарын таптакыр четке кагарын" белгиледи. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG