Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

Румынияда президенттик кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда


Румыниядагы шайлоо.
Румыниядагы шайлоо.

Бүгүн, 24-ноябрда Румынияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 13 талапкер ат салышууда. Алардын бири да 50 пайыздан ашык добуш топтой албаса, шайлоонун экинчи туру 8-декабрда өтөт.

Сурамжылоолор беш талапкердин экинчи айлампага өтүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин көрсөтүүдө. Алардын башкы сабында учурдагы румын премьер-министри, Социал-демократиялык партиянын лидери Марчел Чолаку турат. Ага Румыниялыктардын биримдиги үчүн альянс аттуу ашкере-оңчул жана улутчул партиянын лидери Жорже Симион атаандаштык көрсөтөт деп күтүлүүдө.

Аналитиктер бул шайлоонун жыйынтыгы Румыниянын коңшусу Украинага көрсөткөн жардамына таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтышат.

Украина менен Румыниянын чек арасы 613 чакырымга созулат. Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери расмий Бухарест украин аскерлерин машыктырууга жакындан катышып, коңшусуна аскердик-жардам көрсөтүп келет. Мындан тышкары украин буудайын дүйнөлүк рынокко чыгарууга да көмөктөшүп жатат.

Румыниянын Украинага жан тарткан саясатында 10 жылдан кийин президенттик кызматтан кетип жаткан Клаус Йоханнистин позициясы негизги ролду ойноду.

Румынияда президент кеңири ыйгарым укукка ээ. Ал улуттук коопсуздукка байланыштуу чечимдерди кабыл алып, тышкы саясаттын багытын аныктайт. Румын мыйзамдарына ылайык, бир киши эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG