Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

Абдрахматова: Жергиликтүү шайлоолор парламенттик жарышка даярдык болуп саналат


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

Кыргызстанда жергиликтүү шайлоодо да добуш бергендер аз болду. Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзгөнү бул жагдайга байкаларлык өзгөрүү киргизген жок. Айрым эксперттер жергиликтүү шайлоону алдыдагы чоң саясий өнөктүктөргө даярдык иретинде карашат.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, анын мурдагы жараяндардан айрымачылыгы, алдыда дагы кандай жагдайларды эске алуу зарыл деген суроолордун тегерегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованы кепке тарттык.

- Атыр айым, Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш бергендер 29% жакын болду. Бул жолу жаңы ыкмалардын колдонулганына карабай шайлоочулардын активдүүлүгү эмне үчүн төмөн болду?

- Тилекке каршы, бизде шайлоодогу коррупциялык элементтер аягына чейин чечилген жок. Технологиялык өзгөрүүлөр киргизилгенден кийин коррупция добушканалардын сыртына чыгып, саясатчылар шайлоочуларга добуш берүүгө чейин таасир этүүгө аракет кылып жатышат.

Укук коргоо органдары да бирөөнү кармаса, башкасын кармабагандыктан элдин ишеними төмөндөгөн. Дагы бир жагдай – шайланган депутаттын өз убадасын аткарбаганы. Ошондой эле шайлоодогу маанилүү иштердин бири – үгүттүн жакшы жүрбөгөнү да бир себеп. Кайсы партия кандай убадалар менен баратканы, программасы тууралуу маалымат жок. Болгону шайлоого катышып, "бизди колдогула" дегендей эле үстүртөн чакырыктар болуп жатты.

Убада берип, бирок аны аткарбаганы үчүн элден алыстап кеткен депутаттардын көп болушу да элдин маанайына, ишенимине таасир этти. Мындан улам жарандар шайлоо аркылуу бир нерсени өзгөртө аларына ынанбай калды. Анын үстүнө мурдагы эле саясатчылар партиянын атын алмаштырып шайлоого барган учурлар көп болуп атат. Бул дагы туруктуу шайлоочулардын, көз караштардын, жергиликтүү жамааттын көз карашынын пайда болушун камсыз кылбайт.

- Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары чектелип, вертикалдуу бийлик системасы иштеп жатат. Ушул шартка карабай, саясий топтордун жергиликтүү кеңештерге барууга, айрым партиялардын өлкөнүн бардык аймагын камтууга болгон аракети эмнеден кабар берет?

- Бийликчил партиялар шайлоого катышпайт дегени менен бийликчил мүнөздөгү, Жогорку Кеңеште отурган айрым бийликчил партиялардын атына үндөш, айрымдары затына төп келген партиялар жарышка катышты. Ошол үчүн биз бийликчил жана олигархтарга таандык партия жөнүндө сөз кылганда алардын атылышына эмес, тизмедеги талапкерлерине көңүл бурушубуз керек. Ошондо бийликке да, коррупционерлерге да, олигархтарга да тиешеси бар адамдардын шайлоого баратканын көрөбүз. Мындай партия бирөө эле эмес, бир канча. Алар аймактарда да көп добуш алышты. Мындай түрдөгү партиялардан үчөө-төртөө болду.

Мындай аракеттер, албетте, Жогорку Кеңешке даярдык. Бул дүйнөдө колдонулуучу саясий ыкма. Жергиликтүү кеңешке келген партиялар көбүнчө Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышат. Эки жылдан кийин боло турган парламенттик шайлоого кимдер бара турганы белгилүү болуп калды. Бир жагынан алганда мындайда партиянын аты маанилүү эмес. Бул партиялар катышпайт деген күндө да тизмеси баягы эле саясатчылардан турган саясий топтор чыга келет. Бирок жергиликтүү кеңештердин шайлоолору парламентке келе турган топтордун даярдыгы, команда топтоонун аракети. “Кайсы саясий топ негизги болуп чыгып, кайсынысы коштоочу партия болуп барат” деген даярдык жүрүп, команда топтоо иштери башталды.

- Шаардык кеңештердин шайлоосун алсак, алардын көбүндө “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Адилет”, “Ишеним” жана бир нече партия жеңишке жетти. Булардын айрымдары мурда түптөлгөнү менен саясий айдыңга эми гана аралашып, алдыга чыгып жатат. Ушундан улам сурайын дегеним, коомчулук шайлоодо кандай критерийлер менен тандоо жасайт? Же сиз айткан ишенимге байланыштуу себеп кайдыгерликти пайда кылдыбы?

- Укук коргоо органдары добуш сатып алууга күрөштү күчөтүп, ачык-айкындык пайда болгону үчүн бийликтин тегерегиндеги саясатчылар мурдагыдай добуш сатып алып же административдик ресурсту колдоно албай калды. Мындай көрүнүштөр жымсалданган жана өтө аз санда болуп калды. Ушундай себептердин арты менен шайлоого катышуу да азайды. Шайлоого талапкерлерге тиешеси барлар, туугандары же жоро-жолдоштору жана мамлекеттик бюджеттен маяна алгандар келишти деп ойлойм. Мисалы, канча талапкер болсо, ошонун ар биринин 4-5тен адамы келгенде деле ошол сан чыгып жатпайбы.

- Шайлоочулардын добуш берүүгө солгун катышканы Кыргызстандагы соңку шайлоолорго мүнөздүү болуп калды. Эми бул кырдаалды өзгөртүүгө кандай сунуштарыңыз бар?

- Менин оюмча, мындай абалга сөз эркиндигинин чектелиши, журналисттердин камалышы сыяктуу окуялар да себеп болду. Анткени шайлоодо ойлордун, идеялардын атаандаштыгы болушу керек. Андай атаандаштык болбогону үчүн эл шайлоо эмнеге болуп жатканын деле терең түшүнбөйт. Жогоруда айткандай, элдин шайлоого көп кызыкпаганынын бир себеби да “мен добушум менен бир нерсе өзгөртө аламбы же жокпу” дегенине байланыштуу.

Шайлоо жагабы-жакпайбы, элди анысына карабай шайлоого бардырууга аракет көрүү керек. Сөз эркиндигин чектеген тизгинди жок кылып, болуп жаткан окуяларды көбүрөөк талдоого мүмкүнчүлүк берилиши керек. Албетте, жоопкерчилик маселеси унутта калбай, негизсиз, далилсиз талкуудан оолак болуп, өзгөрүүлөрдү, көйгөйлөрдү терең талкуулаганга жол берилиши керек. Эмесе азыр жарандар өздөрүн чектеп, пикирлерин айтууга батынбай калышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG