Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Новосибирскиде мигранттарга бала бакчада иштөөгө тыюу салынды


Орусияда иштеген мигрант аял
Орусияда иштеген мигрант аял

Орусиянын Новосибирск облусунда мигранттарга мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштөөгө тыюу салынууда. Бул тууралуу аталган аймактын полиция мекемеси билдирди.

Облус губернатору Андрей Травников кол койгон токтомго ылайык, чектөө келерки жылдын 1-мартынан башталат.

Быйыл апрель айында Новосибирскиде мигранттарга таксиде, тамеки жана алкоголдук ичимдик саткан дүкөндө иштөөгө тыюу салынган.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурула баштаган. Жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салды. Орусияга мигранттар агымы соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда.

Cоңку расмий маалымат боюнча, Орусияда 400 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Согуш башталгандан бери мекенине кайткандар көбөйдү. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG