Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Ноокаттагы милиция кызматкерлери жетекчисине даттанып, президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевдин үстүнөн даттанышты. Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүң башчысы Талгат Өскөналиев менен иштеше албай тургандыгын айтышкан.

Алар жетекчини бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, ага тиешелүү чара көрүүнү өтүнүшүүдө.

16-ноябрда да соцтармактарда райондук милиция жетекчисинин басымына даттанган Ноокаттагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысынын өлкө бийлигине видео кайрылуусу жарыяланды. Райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, айтылган дооматтардын баарын четке какты. Ош облустук милициясы кайрылуу боюнча териштирүү болуп жатканын билдирди.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талгат Өскөналиевдин үстүнөн "мыйзамсыз аракеттерге мажбурлайт" деген доомат менен 2023-жылы милициянын улук лейтенанты видео кайрылуу жасаган эле. Облустук милиция аны кайра ишин жетишерлик деңгээлде аткарбаган деп айыптаган.

Адатта укук коргоо органдарында коомчулукка ачык кайрылган учурлар сейрек кездешет. (DSh/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG