Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Журналист Карымшаков Бабанов ага каршы доо арызын кайтарып алганын билдирди


Эламан Карымшаков жана Өмүрбек Бабанов. Сүрөт Эламан Карымшаковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Коллаж.
Эламан Карымшаков жана Өмүрбек Бабанов. Сүрөт Эламан Карымшаковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Коллаж.

Ишкер, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковго каршы берген доо арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал соттук териштирүүнү токтотуп, мунасага келүү боюнча Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү менен жолугуп, ушундай чечим кабыл алынганын кабарлады. Жыйынтыгында 18-ноябрдагы соттук отурумда ишкердин өкүлдөрү 1 млн сомдук доо арызды кайтарып алган.

Өмүрбек Бабанов жана анын тарапташтары бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

“Фрунзе” дүкөндөр тармагынын мурдагы ээси Болотмамбет Жээнбеков 24-апрелде эркин журналист Эламан Карымшаковго интервью берип, “Фрунзе” гипермаркеттер тармагын Өмүрбек Бабановго тарттырып жибергенин айтып чыккан. Ал алгачкы дүкөндөрүн 2011-жылы ачканын, ийгиликтүү болуп, кийин жети түйүнгө жеткиргенин кеп кылган.


Өмүрбек Бабанов 26-апрелде видео билдирүүсүндө мунун баарын четке кагып, тескерисинче, Болотмамбет Жээнбековдун өзүн алдамчылыкка айыптаган. Ишкер Болотмамбет Жээнбеков менен журналист Эламан Карымшаковдун расмий кечирим сурашын талап кылган. Кийин “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деген негизде журналистти сотко берип, 1 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Тараптардын сөзүнө караганда, алардын талашы боюнча Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирүү жүргүзгөн. Болотмамбет Жээнбеков маселе райондук жана шаардык сотто каралып, Жогорку сотко жеткенин билдирген. Өмүрбек Бабанов алгачкы инстанциядагы соттук кароолордон Жээнбеков утулганын кабарлаган.

“Фрунзе” гипермаркеттер тармагы Кыргызстанда бир нече жыл мурда белгилүү брендге айланган. Соңку бир-эки жылдан бери “Азия” деп өзгөртүлүп, иштеп жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG