Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

Трамп Ак үйдүн басма сөз катчысы кызматына Кэролин Ливитти тандады


Кэролин Ливитт АКШнын тарыхындагы Ак үйдүн эң жаш басма с оз катчысы болуп калмакчы.
Кэролин Ливитт АКШнын тарыхындагы Ак үйдүн эң жаш басма с оз катчысы болуп калмакчы.

АКШда шайланган президент Дональд Трамп Ак үйдүн басма сөз кызматынын башчылыгына 27 жаштагы Кэролин Ливитти тандады. Ал АКШнын тарыхында бул кызматты ээлеген эң жаш басма сөз катчы болуп калмакчы.

Ливитт буга чейин Трамптын быйылкы шайлоо өнөктүгү маалында анын басма сөз кызматын жетектеген, ошондой эле Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө анын басма сөз катчысы Кейли Макианинин жардамчысы болгон. Студент кезинде Fox News телеканалында стажировкадан өткөн.

Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө төрт жылда төрт басма сөз катчы алмаштырган.

Шайланган президент учурда жаңы кабинетти жана администрациясын түзүп, кызматтарга талапкерлерди тандап жатат. Алардын арасында Fox News телеканалынын алып баруучусу Пит Хегсет, Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагынын ээси, миллиардер Илон Маск, COVID-19 пандемиясы маалында өз штатында беткап кийип жүрүү режимин киргизүүдөн баш тартканы менен таанылган Түштүк Дакотанын губернатору Кристи Ноем дагы бар.

Трамп өкмөттүк 15 мекеменин жетекчисин дайындайт жана аларды Сенат бекитет. Ошондой эле жогорку административдик кызматкерлерди дайындайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG