Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Орусия: Курскиде өлгөн аскерлердин кеминде 13ү милдеттүү кызматын өтөп жаткандар болчу


Орусиянын Курск облусунда украин армиясынын августтагы операциясы башталгандан бери аскердик милдеттүү кызматын өтөп жаткан кеминде 13 орусиялык жоокер каза болгонун 14-ноябрда "Свобода" радиосу "Верстка" басылмасына таянып жазды. Курман болгондордун орточо жаш курагы 20да экени, эң кичүүсү 18де болгону кабарланды.

Каза тапкандар аскерге Орусиянын ар кыл аймактарынан (Алтай, Краснодар крайларынан, Башкырстан жана Удмуртия республикаларынан, Белгород, Вологда, Ленинград, Пенза, Псков, Ростов, Свердловск, Челябинск жана Ярославль облустарынан) чакырылгандар экени белгилүү болду.

Украинага 2022-жылдын февралында кол салган Орусия президенти Владимир Путин бул согушка аскерге чакырылган жоокерлер катыштырылбай турганын убада кылган. Ошол жылдын күзүндө мобилизация жарыяланып, согушка аскерлер келишимдик негизде жөнөтүлө баштаган.

Кара деңиз флотундагы кемелерде аскердик кызматын өтөп жаткандар каза болгондо эксперттер кеме экипажын толуктоо үчүн келишимдик негиздегилер жетишсиз болуп жатканын билдиришкен.

Курскидеги окуя башталганда бийликке жакын эксперттер бул Орусиянын аймагы экенин, андыктан милдеттүү аскердик кызмат үчүн чакырылгандар да кармашка катышуусу зарылдыгын айтып чыгышкан.

Көз каранды эмес талдоочулардын эсептөөлөрүнө караганда, аскердик мөөнөтүн өтөп жаткандар арасынан бул согушта кеминде 200 баланын өмүрү кыйылды.

Украина Орусиянын Курск облусунда 1 000 чарчы чакырым жерди ээлеп турганын билдирген. Ал жакка украин аскерлери быйыл 6-агустта кирип барышкан. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген. Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Сырский Украина Курскиге кирген күндөн тартып 7 905 орус аскерин жок кылганын, дагы 12 220сы жараат алганын, 717си туткунга түшкөнүн 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматтын аныктыгын өз алдынча тактоо мүмкүн эмес. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG