Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

13-ноябрь: “Социал-демократтардын” талапкерлери сурак берүүдө, Киевге бомбалоочу учактар чабуул койду


Кадыр  Атамбаев менен Темирлан Султанбеков
Кадыр  Атамбаев менен Темирлан Султанбеков

13-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

“Социал-демократтардын” талапкерлери Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында сурак берүүдө

Шаршембинин кечинде “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөттү. Бул окуядан көп өтпөй Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы “Социал-демократтардын” Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген видео боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Азырынча Бишкек милициясы жана Борбордук шайлоо комиссиясы бул боюнча комментарий бере элек.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда зордукталган тогуз жаштагы кыз реабилитацияга муктаж экенин айтты

Акыйкатчыдан кыздын апасы алардын укуктарын коргоп берүүнү суранган. Ал Жаманбаевага кызын 2021-жылдын этегинен бери эки эркек төрт жылдан бери зордуктап жүргөнүн айтып берген. Акыйкатчы бул окуяга тынсыздануусун билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырды. Омбудсмен институтунун маалыматына караганда, учурда кыз ата-энеси менен коопсуз жерде, ага зарыл болгон адистер жардам көрсөтүп жатат. Бирок ага узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат. 16-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда тогуз жаштагы кызды зордуктоого шек саналып 19 жана 25 жаштагы эки бала кармалып, шектүүлөр райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жарыялап, анда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун мааниси, Курултайдын орду жана өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу пикирин билдирди. Мамлекет башчы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого кайдыгер карабоого чакырып, анда шайланган депутаттар Курултайдын делегаттарын шайлай турганын белгилеген.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов эки күн мурда тергөө абагынан чыкканы белгилүү болду

Биринчи май райондук соту Матраимовдун иши 11-ноябрда каралып, жогоркудай чечим чыкканын 13-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, сотто Матраимовду абактан чыгаруу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Матраимов быйыл 25-мартта Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилген. Ал ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу. Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон. 27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. 2021-жылы УКМК аны коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Кыргызстанда 13 331 адам ВИЧти алып жүрөт

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-ноябрына карата 14 159 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 13 331и кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3551 адам кайтыш болгон. Бул тууралуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана ВИЧке каршы күрөшүү борбору кабарлады. 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Кыргызстанда жылына бир ай "СПИДге каршы чогуу күрөшөбүз” улуттук өнөктүгү өтөт. Калктын бул дарт тууралуу кеңири маалыматы болгонуна карабастан, адистер коомдо ВИЧ инфекциясын жуктургандарды басмырлоо бар экенин белгилешет.

Орусиянын армиясы Киевге бомбалоочу учактар менен чабуул койду

Украин баш калаасында абадан коргонуу системалары иштеди. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, жалпысынан алты Ту-95MC стратегиялык бомбалоочу учактар менен чабуул коюлган. Шаар башчысы Виталий Кличко тургундарды бомбадан коргонуу жайларынан чыкпай турууга чакырды. Анын алдында орус армиясы баллистикалык ракеталар менен аткылаган. Маалыматка караганда, Х-23 канаттуу ракетасы, "Искандер-Н" баллистикалык ракетасы жана Түндүк Кореяда өндүрүлгөн "Хвасон-11" ракетасы жана бир нече дрондун түрлөрү колдонулган. Чабуул эки саатка созулду. Украин жетекчилиги билдиргендей, бир нече ракета жана онго жакын дрон атып түшүрүлгөн.

Ооганстанда талибдер эл алдында кишини дарга асты

Ооганстандын Пактия провинциясынын Гардез шаарында киши өлтүрүүгө айыпталган адамды эл алдында дарга асышты. "Азаттыктын" ооган кызматы жеринде жүргөн France Presse агенттигинин кабарчысына шилтеме берип жазгандай, 13-ноябрда стадионго жыйналган миңдеген адамдын көзүнчө соттолгон кишиге чегерилген жаза ишке ашырылды. Ооганстандын башында турган "Талибан" өкмөтүнүн Жогорку соту маркум шариятка ылайык, өз жасаган күнөөсүнө жараша жазаланганын билдирди. Өкүмдү "Талибандын" лидери Хабатулла Ахундзада бекиткен. Ал эми дарга асуу жараянына талибдер дайындаган ички иштер министри Сиражуддин Хаккани да катышты. Бийликке 2021-жылы кайткан талибдер шариятка шылтоолоп өлкөдө бир катар катаал эрежелерди орнотууга жетишти. Өзгөчө аялдарга карата бир топ чектөөлөр киргизилди.

Грузиядагы европачыл оппозиция мандат алуудан баш тартып, жаңы парламенттен чыгып кетти

"Биримдик - улуттук кыймылы" 26-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартууда. Алардын эсебинде добуш берүү жапырт мыйзам бузуулар менен коштолуп, Орусиянын кийлигишүүсү менен өткөн. Ал шайлоодо Москваны жактаган "Грузин кыялы" партиясы добуштардын 54% алып, жеңгенин жарыялаган. Бул партия 12 жылдан бери бийликти эч кимге бербей келет. Октябрдын соңунан бери оппозиция Тбилисиде буга каршылыгын билдирип, күн сайын ири нааразылык акцияларын уюштуруп жатат. Оппозициядагы эки негизги - "Биримдик - улуттук кыймыл" жана "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясынын" өкүлдөрү 12-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына доо арыз менен кайрылып, партиялык тизмелерин жокко чыгарууну талап кылышты. "Грузин кыялы" партиясы конституциялык сотко кайрыларын билдирип, айрым партияларды чыккынчылыкка айыптады.

Шерине

XS
SM
MD
LG