Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Башкырстанда сот мектеп мүдүрүн татарлардын тарыхы китеби үчүн айыпка жыкты


"Татарлардын катылган тарыхы" китебинин автору Вахит Имамов. 2020-жыл.
"Татарлардын катылган тарыхы" китебинин автору Вахит Имамов. 2020-жыл.

Орусияга караштуу Башкырстанда сот Верхнеяркеево айылынын мектеп директору Светлана Хакимованы экстремисттик материалды жайылтканы үчүн күнөөлүү деп таап, эки миң рубль айып пулга жыкты. Бул тууралуу "Idel.Реалии" сайты жазды.

Маалыматка караганда, Хакимова жетектеген мектептин китепканасында Вахит Имамовдун "Татарлардын катылган тарыхы" деген китеби бар болчу. Анда татар элинин XVI-XVIII кылымдардагы эгемен мамлекет түзүү үчүн болгон улуттук күрөшү баяндалган.

2020-жылы Татарстандын Жогорку соту бул китепти "экстремисттик материалдардын" тизмесине кошкон.

"Татарлардын катылган тарыхы" 12 тилге которулган. Автору Имамовдун айтымында, 2019-жылы Решитский аттуу жаран сотко бул китепти "экстремисттик материалдардын" тизмесине киргизүүнү суранып кайрылган.

Анын жүйөсүнө караганда, китепте "улут аралык жана диний кастыкты козуткан маалымат жана Татарстанды Орусиядан бөлүнүүгө чакырыктар камтылган".

Ал эми Имамов муну четке кагыып, китепте тарыхый фактылар киргизилгенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG