Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Бишкекте "Социал-демократтар" партиясынын штабында тинтүү жүрүп жатканы кабарланды


“Социал демократтар” партиясынын штабын тинтүүгө алынып жаткан учуру.
“Социал демократтар” партиясынын штабын тинтүүгө алынып жаткан учуру.

“Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы кеңсесин укук коргоо органдары тинте баштады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, партияны шаардык кеңешке баштап бараткан Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөттү.

Анда өздөрүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү деп тааныштырган кызматкерлер тинтүү эмненин негизинде экенин түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

Кадырбек Атамбаев партиянын жетекчисинин келишин, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана тинтүүнү журналисттердин катышуусунда жүргүзүүнү талап кылды. Мындан соң атайын багыттагы аскерлер кеңсеге кирип келип, Атамбаевдин телефонун тартып алды. Түз эфир токтоп калды.

“Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков Инстаграмдагы баракчасында тинтүүнүн жүрүшүн сырттан тартып көрсөтүүдө. Ал муну саясий басым катары баалап, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары комментарий бере элек.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. “Социал-демократтар” партиясы Бишкек шаардык кеңешине жана башка аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууда.

Аймактык реформанын негизинде Кыргызстанда айыл-кыштактар ирилешип, жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда тарап, кайра шайлоо белгиленген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG