Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Балыкчы - Кочкор - Каракол темир жолунун курулушун каржылоо АКШнын банктарына сунушталды


Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу иши.
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу иши.

Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлиги АКШ өкмөтүнө Балыкчы – Кочкор – Каракол темир жолун куруу долбоорун инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Министр Абсаттар Сыргабаев бул сунушту 12-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушкан учурунда билдирди.

Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Сыргабаев Кыргызстан маанилүү транспорттук жолдорун жаңылоого, жаңы альтернативдик каттамдарды курууга, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын билдирип, АКШ элчисине Балыкчы – Кочкор – Каракол темир жолун куруу долбоорун биргелешип каржылоону сунуштады.

Элчи Лесли Вигери 2023-жылдан тартып Кыргызстанда транспорттук долбоорлорду ишке ашырууга АКШ компанияларынын кызыгуусу өсүп жатканын айтты. Ал АКШнын Экспорт-импорт банкы жана жеке менчик Citibank банкы менен аталган темир жолду куруу долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн маалымдады.

Элчи Лесли Вигери мындан тышкары Кыргызстандагы ири экономикалык долбоорлорду, анын ичинен жолдордун курулушун каржылап келе жаткан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) эң ири инвестору АКШ экенин экенин белгиледи. Учурда ЕРӨБ “Бишкек шаарынын түндүгүн жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” долбоорун каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын эскертти.

Жолугушуу соңунда тараптар мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

“Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолун куруу 2022-жылы мартта расмий башталган. Анда "Балыкчы" станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн жерпайы түптөлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.

Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу 2030-жылга чейин аяктайт, ага кошумча инвестиция тартылбайт, анткени өлкөнүн өз каражаты жетишет деп айтылган. Андан көп өтпөй "Кыргыз темир жолу" ишканасы Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме "Орусиялык экспорттук борбор" жана "РЖД интернешнл" компаниялары менен 2022-жылы 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон.

Ага чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бул долбоорду толук бүтүрүү үчүн инвестор изделип жатканын билдирген.

Быйыл сентябрда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун 35 чакырымы курулуп бүткөнүн маалымдаган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG