Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:07

Орусия Эл аралык кылмыш сотунун судьясын кармоого ордер берди


Эл аралык кылмыш соту. Гаага.
Эл аралык кылмыш соту. Гаага.

Орусияда Эл аралык кылмыш сотунун судьясы Хайкел Бен Махфудга эл аралык издөө жарыяланып, аны камакка алууга ордер берилди. Москвадагы сот сыртынан чыгарган чечимде ал "эркинен мыйзамсыз ажыратуу" деген айып боюнча шектелип жатканы, камакка Орусиянын аймагында жүрсө же сырт жактан кармалып, экстрадиция кылынса алынары айтылды.

Быйыл жайында ал Украинадагы "ыктымал согуштук кылмыштарга байланыштуу" деген негизде Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошол кездеги коргоо министри Сергей Шойгуну жана Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовду камакка алууга ордер берген.

Тунистик юрист Хайкел Бен Мафхуд Эл аралык кылмыш сотунун судьясы болуп март айында дайындалган.

Аталган соттун судьялары орусиялык жетекчилер Шойгу менен Герасимов Украинанын энергетикалык инфраструктурасына 2022-жылдын октябрынан тартып кеминде 2023-жылдын мартына чейин согулган ракеталык чабуулдар үчүн жооптуу деп эсептешет.

Буга чейин Орусия Эл аралык кылмыш сотунун башка да судьяларына издөө жарыялап, аларды кармалса камакка алуу зарыл деген чечимин чыгарган. Судьялар орус президенти Владимир Путинди жана бул өлкөнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы согуш башталгандан кийин украиналык балдарды Орусияга күчтөп алып кетүү үчүн айыптуу деп шектеп, экөөнү кармоого ордер беришкен. Буга байланыштуу Орусияда ошол судьяларга каршы кылмыш иши ачылган.

Эл аралык кылмыш соту ордер берген кишилерди өз алдынча кармап кете албайт. Мындай жардамды ал 124 мүчө өлкөдөн күтөт. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG