Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

"Талибан" биринчи жолу БУУнун климаттык конференциясына катышат


Ооганстан.
Ооганстан.

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ооганстандагы бийликти 2021-жылы кайра басып алгандан бери алгачкы жолу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттык ири конференциясына катышканы жатат. Бул тууралуу 10-ноябрда Ооганстандын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук агенттиги билдирди.

БУУнун климаттык өзгөрүүгө байланыштуу маселелер талкуулана турган жыйыны (COP29) Бакуда 11-22-ноябрда өтөт. Бул жер ооган бийлигинин мыйзамдуу өкүлү катары эл аралык деңгээлде расмий тааныла элек талибдердин катышуусу менен уюштурула турган көп тараптуу маанилүү сүйлөшүүлөр өтүүчү жер болот.

Агенттик ооган делегациясы Бакуга жөнөп кеткенин X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө жазды. Мекеменин башчысы Матиул Хак Халис бул саммитке катышуу ооган делегациясы үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү маселелери жаатында эл аралык коомчулук менен кызматташтыкты бекемдөө, Ооганстандын бул багыттагы каржылык механизмдерге жетүү муктаждыктарын айтып берүү, көйгөйлөрдүн кесепетин азайтуу чараларын талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болорун билдирди.

Быйыл август айында "Балдарды коргоо" эл аралык гуманитардык агенттиги климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чегип жаткан өлкөлөр арасынан Ооганстан алтынчы орунда турарын, анын 34 провинциясынын 25и кургакчылыкка кабыларын кабарлаган. Өлкөнүн бир катар тоолуу аймактарында быйыл сел каптаган айылдарда ондогон кишинин өмүрү кыйылды.

АКШнын Ооганстанда "Талибанга" каршы согушу 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттардагы ири террордук актыдан кийин башталып, 2021-жылдын августунда жыйынтыкталган. Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде борбор калаа Кабулду кайрадан өз көзөмөлүнө алган талибдер жаңы "Ооганстан ислам эмираты" түзүлгөнүн жарыялашкан. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирип келген. Быйыл 6-сентябрда кыргыз тышкы саясий мекемеси "Талибанды" "кара тизмеден" чыгарганын ырастап, "Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган" деп билдирди. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG