Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Пакистанда жардыруудан 20дан ашык адам набыт болду


Кветта шаарындагы темир жол бекетиндеги жардыруудан кийин. 9-ноябрь, 2024-жыл.
Кветта шаарындагы темир жол бекетиндеги жардыруудан кийин. 9-ноябрь, 2024-жыл.

Пакистандагы кооптуу аймактарынын бириндеги темир жол бекетинде 9-ноябрдагы жардыруудан жыйырмадан ашык адам өлүп, дагы бир топ киши жарадар болду.

Премьер-министр Шехбаз Шариф өлкөнүн түштүк-батышындагы Кветта шаарындагы чабуулду уюштургандар “оор жаза аларын” айтып, коопсуздук күчтөрү терроризм коркунучун жок кыларын кошумчалады.

Полиция жана оорукана кызматкерлери “Машаал” радиосуна 24 адам каза болуп, 53 киши жарадар болгонун тактады. Шаардын полиция башчысы Мохаммад Балоч Кветтадан Равалпиндиге баруу үчүн жүзгө жакын жүргүнчү поезд күтүп турган учурда чабуул жасалганын билдирди. Кветта кооптуу деп саналган Белужистан провинциясынын борбору.

Өзүн “Белужи боштондук армиясы” (BLA) деп атап алган жикчил топ (АКШда глобалдык террордук топ деп жарыяланган) кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, жанкечти темир жол бекетиндеги аскерлерди бутага алганын билдирди.

Полиция каза болгондордун арасында ондой коопсуздук кызматкерлери бар экенин кабарлады. Жардыруу болгон жерде тартылган видеолордо бекеттин чатыры жарылып, жүргүнчүлөрдүн жүктөрү ар кайсы жерде чачырап жатканын көрүүгө болот. Айрым маалыматтар боюнча оор жараткан алгандар ооруканада каза таап, өлгөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.

Жаратылыш кендерине бай Белужистан быйыл жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу чабуулга кабылды. Бул аймакта Пакистан өкмөтү өзүн «Белужи боштондук армиясы» (BLA) деп атап алган жикчил топко (АКШда глобалдык террордук топ деп жарыяланган) каршы күрөшүүдө. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG