Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

АКШнын Юстиция министрлиги Трампка кол салуу аракетине Ирандын тиешеси бардыгын билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Юстиция министрлиги 5-ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трампка шайлоо өнөктүгү учурундагы кол салууга Ирандын Ислам революциясын коргоо корпусу (КСИР) катышы бар экенин жарыялады.

Министрликтин сайтында жазылган маалыматка караганда, кол салууга даярданган деп шектелип 49 жаштагы Карлайл Ривера жана 36 жаштагы Жонатан Лоадхолт атту жарандар кармалган. 51 жаштагы дагы бир шектүү Фархад Шакери Иранда болушу мүмкүн.

Мекеме аны Ислам революциясын коргоо корпусунун агенти катары сыпаттап, Трампка жана башка саясатчыларга кол салууну көздөгөн деп айыптады.

Фархад Шакери Иранда туулган, кийин АКШда жашаган. Ал карактоо беренеси боюнча 14 жыл түрмөдө отуруп, 2008-жылы өлкөдөн чыгарылган. Шакери жогоруда аты аталган Ривера жана Лоадхолт менен түрмөдөн таанышкан.

Август айында Юстиция министрлиги Иран менен байланышы болушу мүмкүн делген Пакистандын жаранын саясатчыларга кол салууга аракет кылган деп кармаган. ФБРдин тергөөчүлөрү анын бутасына Дональд Трамп жана башка азыркы жана мурдагы америкалык аткаминерлер, саясатчылар алынган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Быйыл июлда Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушууда трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок Трамптын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Полиция бул окуяны кол салуу аракети деп иликтеп жатканын билдирген.

Ок чыгарган киши 20 жаштагы жергиликтүү тургун Томас Мэтью Крукс экенин, ал иш-чара өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жайгашкан имараттардын биринин чатырынан атканын, өзү ошол жерден жок кылынганын ФБР кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG