Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Путин Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Дональд Трамп жана Владимир Путин. Архив сүрөт. 2018-жыл.
Дональд Трамп жана Владимир Путин. Архив сүрөт. 2018-жыл.

Орусия президенти Владимир Путин Дональд Трампты АКШнын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Москва аны менен сүйлөшүүлөр үчүн ачык экенин билдирди. 7-ноябрда Сочиде өткөн эл аралык конференциядагы сөзүнөн кийин Путин:

"Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аны АКШнын президенти кызматына шайланышы менен куттуктагым келет", — деп айтты.

Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда эгерде аны тандашса Украинадагы согушту тез арада токтото аларын билдирген, бирок кенен айткан эмес. Путин мындай комментарийлерге көңүл бурса болорун айтып, эгер Трамп ортодогу байланышты кайрадан жанданткысы келсе Орусия талкууга даяр экенин кошумчалады.

Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин Трамп да билдирген.

"Биз сүйлөшөбүз деп ойлойм", — деген ал 6-ноябрда NBC News телеканалына курган маегинде жана ошол күнү эле эртеден бери 70ге жакын өлкөнүн лидери менен сүйлөшкөнүн айткан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Трамп менен анын январда өтө турган инаугурациясына чейин сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке кага албай турганын 7-ноябрда журналисттердин мындай ыктымалдык тууралуу суроосуна жооп берип айткан:

"Эмне үчүн болбосун? Бул четке кагылбайт. [Трамп] инаугурациясына чейин Путинге чаларын айткан. Бул анын сөзү".

5-ноябрда АКШда кезектеги шайлоо өтүп, өлкөнүн 47-президенти болуп мурдагы лидер Дональд Трамп шайланды. Трамптын жеңишинен кийин АКШнын Орусия менен мамилеси кандай болот деген суроо эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда турат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG