Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Украина Орусиянын соккусунан дагы кеминде он жайкын тургуну каза болгонун билдирди


Запорожье. 2024-жылдын 8-ноябры.
Запорожье. 2024-жылдын 8-ноябры.

Украина шаар-кыштактарында Орусиянын чабуулдары уланып жатканын, бүгүн 8-ноябрда бутага түштүктөгү Одесса жана түндүк-чыгыштагы экинчи ири шаар Харьков алынганын билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, кеминде бир кишинин өмүрү кыйылды, дагы 38 киши, анын арасында бир ымыркай жараат алды.

Каза тапкан киши Одессанын тургуну болгону, бул шаарга учкучсуз учактардын жапырт чабуулу жасалганы, үйлөр, ишканалар, кампалар жана бир мектеп имараты талкаланганы маалымдалды.

Харьков кечээтен бери аткыланып жатканын шаар мэри Игорь Терехов жазды. Анын айтымында, ракеталардын бири көп кабаттуу турак үйгө тийди, жараат алган ондогон киши арасында үч айлык наристе да бар экени, шаардын борбордук бөлүгүндөгү тарыхый жай да кыйраганы белгилүү болду.

Киев облусунда ракетанын сыныктары түшкөн жерде төрт киши жараат алды.

Ал эми Запорожье шаарында 7-ноябрдагы чабуулдан каза тапкандар саны тогуз кишиге жетти, алардын арасында бир жашар наристе да бар, дагы 40ка жакын киши жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат бул күнү аталган шаарга Орусия беш жолу абадан сокку урганын, турак үй жана оорукана бутага алынганын кабарлады.

Запорожьеде бүгүн Аза күтүү күнү жарыяланды.

Бул күндөрү Венгрияда Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитине катышып жаткан украин президенти Владимир Зеленский союздаштарынан колдоо күтөрүн кайрадан кайталап, көбүрөөк курал-жарак жана асманын коргоп берүүгө жардам сурады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG