Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Орусияда кытайлык ишкана санкция үчүн жабылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда кытайлык электроника заводу жабылды. "Коммерсантъ" басылмасы 7-ноябрда жазгандай, Ленинград облусунда иштеп жаткан, компьютерге монитор чыгаруу жагынан дүйнөдөгү ири өндүрүштөрдүн бири катары таанылган гонконгдук TPV Technology өкүлчүлүгүнүн иши токтоду.

Завод 2011-жылы ачылган, ал жерде дүйнөлүк брендге айланган Philips, Sony жана Sharp үчүн телевизорлор чыгарылчу. Азыркы тапта ишкананын жабдыктарын жана өндүрүштүн калдыктарын сатып таратып жатышат.

Компания өзү бул кадамын "стратегиялык чечим" деп атоодо. Бирок "Коммерсантъ" өз булактарына таянып жазгандай, буга санкция коркунучу себеп болууда.

Кошмо Штаттар өткөн айда Орусия Украинага каршы ачкан согушунда колдонуп жаткан учкучсуз учактарды жасоого жана жеткирүүгө тиешеси бар деп эсептеген үч ишканага жана бир адамга санкция жарыялаганы, алардын экөө кытайлык компания экени белгилүү болгон.

Быйыл июнт айында Европа Биримдигинин Орусияга Украинага кол салганы үчүн салган кезектеги санкциясына Кыргызстан да кирген. Бирикменин 24-июнда жарыяланган маалыматы «Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушу: Евробиримдиктин санкцияларынын комплекстүү 14-пакети кыйгап өтүүчү жолдорду бөгөттөйт жана энергетикалык чараларды көрөт» деп аталдган.

АКШнын быйыл 1-майда жарыяланган санкциялык тизмесинде «ПроффЛаб» ишканасы Орусияда жайгашкан компанияларга америкалык электрондук компоненттерди жөнөтүп жатканы белгиленген.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG