Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Байден Трампка бийликти өткөрүү жараяны башталарын айтты


Жо Байден. 2024-жылдын 7-ноябры.
Жо Байден. 2024-жылдын 7-ноябры.

7-ноябрда АКШ президенти Жо Байден шайлоонун жыйынтыгы боюнча сөз сүйлөп, жаңы шайланган мамлекет башчы Дональд Трамптын администрациясына бийликти тынч өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн айтып, буга өзү да көмөктөшөрүн белгиледи.

Байден Кошмо Штаттарда ар дайым элдин эрки үстөмдүк кылган демократия бардыгын айтып:

"Кечээ мен шайланган президент Трамп менен сүйлөшүп, жеңиши менен куттуктадым жана администрацияма бийликти тынч жана ырааттуу түрдө өткөрүп берүү үчүн анын командасы менен иштешүүнү тапшырдым. Америка эли мына ошого татыктуу", – деп кошумчалады.

Байден шайлоого демократтардын атынан катышкан вице-президент Камала Харрис "шыктандыруучу өнөктүк" жүргүзө алганын жана "толук ынтызарлыгын" көрсөткөнүн белгиледи.

"Ким кандай добуш берген күндө да биз бири-бирибизге душман эмес, мекендеш катары карап, чыңалууну азайтышыбыз зарыл", - деп кошумчалады Байден.

Харрис Трамп менен 6-ноябрда телефондон сүйлөшүп, аны жеңиши менен куттуктаган жана президенттик шайлоодо утулганын мойнуна алган. Ал дагы бийликти тынч өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Ушул эле күнү Харрис тарапкерлерин шайлоонун жыйынтыгын кабыл алууга чакырган жана анда да бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгон. Харрис демократия, мыйзам үстөмдүгү, сот адилеттиги, жарандардын укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөш улана берерин билдирген.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен көп добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристен озуп чыкты.

АКШны 2017-2021-жылдары да башкарган Трамптын инаугурациясы 20-январда өтөт. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG