Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Улуу Британия Орусияга каршы ири санкция киргизгенин жарыялады


Орусиялык жалданма аскерлер Украинада.
Орусиялык жалданма аскерлер Украинада.

Улуу Британия бүгүн 7-ноябрда Орусияга каршы соңку 1,5 жылдан берки эң ири санкциялар топтомун жарыялады. 56 адам жана мекеме-уюм "Москванын "согуштук машинасы", анын ичинде Африкадагы жалданма аскердик топтору менен, 2018-жылы "Новичок" уу затынын колдонулушу менен байланышкан" деген шек менен санкциялык тизмеге киргизилди.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин бул билдирүүсү премьер-министр Кир Стармер Венгрияда европалык башка да лидерлер менен бирге Орусиянын Европага зыян келтирүүчү ишмердүүлүгүнө каршы биргелешип күрөшүү жолдорун талкуулап, Лондондун Украинага бекем колдоосун билдирип жаткан учурда жарыяланды.

"Бүгүнкү бул чечимибиз [Орусиянын президенти Владимир] Путиндин "согуштук машинасын" өтө маанилүү жабдуу менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратат жана орусиялык прокси аскер топторунун Африкадагы коррупциялык иш-аракеттерин ашкерелеп, Орусиянын жалпы дүйнөгө залака тийгизип жаткан ишмердүүлүгүн басат", - деп айтылды британ тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө.

Санкцияга Кремль менен байланышы бар делген Africa Corps, Bears Brigade жана PMC Espanola топтору кирди. Africa Corps мурда Путинге жакын адамдардын бири болгон, Украинадагы согушка абактагыларды тарткан Евгений Пригожиндин "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун ордуна түзүлгөн.

Санкция жарыяланган орусиялык аскердик чалгынчы Денис Сергеев мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды Ангияда "Новичок" заты менен ууландырууга тиешеси бар деп айыпталган.

Тизмеге Кытайдын, Түркиянын жана Борбор Азиянын 28 компаниясы "Орусияга Украинадагы согушунда колдонуп жаткан учкучсуз учактар үчүн жабдык, микроэлектроника жана башка компоненттерди жөнөтүүдө" деген айып менен киргизилди. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG