Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Израил Ливандын эки шаарына чабуул койду


Ливан.
Ливан.

Израил Ливандын аймагын бомбалоону улантып жатканын, дагы ондогон кишилердин өмүрү кыйылганын 7-ноябрда Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесине жана жалпыга маалымдоо каражаттарына таянып кабарлады.

Шаршембинин кечинде борбор калаа Бейруттун түштүк чет жакасында жашагандарга эвакуация тууралуу эскертүүсүн бергенден кийин израилдик аскерлер ал жерди эки жолу бомбалаганы, чабуулдар түндө жана бейшемби күнү эртең менен да уланганы маалымдалды. Бул соккулардан канча киши жабыркаганы азырынча маалымдала элек.

Ал эми 6-ноябрда Ливандын чыгышындагы Баалбек шаарында Израилдин аткылоосунан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылганы, дагы 53 киши жараат алганы белгилүү болду.

Израил Ливанда жайкын тургундарга эмес, бул өлкөнүн аймагында жүргөн "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) согушкерлерине каршы күрөшүп жатканын айтууда.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

"Хезболланын" жакында дайындалган жаңы лидери Наим Касем согушту саясий жол менен чечүүгө ишенбей турганын 6-ноябрда билдирди жана Израил соккуларын токтотсо гана сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн болорун айтты.

2023-жылы 7-октябрда Израил Газа тараптан АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган.

Ошондон бери Газада 43 миңден ашуун, Ливанда 3 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо.

АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

"Хезболла" жаңы лидери кылып буга чейинки жетекчиси, Израилдин Бейруттагы 27-сентябрдагы соккусунан мерт кеткен Хасан Насралланын орун басары болгон Наим Кассемди дайындаганын 29-октябрда маалымдаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG