Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Орунбеков Аспековдун видео кайрылуусунда айткандарын төгүндөдү


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаровду каралоого аракеттенген айрым кайрылуу, билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды. Ал 7-ноябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, абакта жаткан Мелис Аспековдун бир нече убактан бери социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуусун "жалаа" деп атады.

Орунбеков "коррупцияга аралашкан, бийликти, элдин байлыгын каалагандай калчап, өз пайдасына гана жумшап көнгөн айрым адамдар жалданма жарандык активист, журналист, блогерлерди, абакта жаткандарды каржылап, алардын оозу менен түрдүү каралоолорду уюштуруп жатканын" айтууда.

Абакта жаткан Мелис Аспековдун соцтармактарга азыркы бийликти каралаган видео-кайрылуусун белгилеп, андагы айтылгандарды четке какты. Орунбеков Кумтөр алтын кени чет элдик инвесторлордун колунда турган учурдагы жана азыркы өлкөгө берип жаткан кирешеси тууралуу айтып кетти. Мурунку жана азыркы бийликтердин тушундагы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын салыштырууга чакырган. Мектептер курулуп, жолдор оңдолуп, Кыргызстандын армиясы кубаттанып жатканын белгилеген.

"Өлкө башчысы Садыр Жапаровго карата кандай гана каралоо болбосун, андай калптардын өмүрү кыска. Тарап жаткан жалааларга так далилдер, ынанымдуу фактылар менен жообубуз дайым даяр. Айтылып жаткан жана мындан ары дагы жарыялана турган калптарга ишенбөөгө чакырабыз", - деди Орунбеков.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков №3 түзөтүү колониясында жаткан Мелис Аспековдун Бишкектеги №1 тергөө абагында тартылган делген видеосуна буга чейин да жооп берген. Ал Аспековду 2020-жылы президенттик шайлоого деген себеп менен көптөгөн ишкерлерден, анын ичинен мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон ири суммада акча алган деп айыптаган.

Мелис Аспековдун азыркы бийликти коррупцияга айыптаган алгачкы видео кайрылуусун АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңов) Фейсбук баракчасына 30-октябрда жарыяланган. Кудайбергенов андан бери да Аспековдун "Кухняда эмес, №1 тергөө абагында тартылганы" айтылган чуулгандуу видеонун бир нече сериясын жарыялады. 6-ноябрь күнү аталган видео-кайрылуунун жаңы сериясы чыгарылып, анда Кумтөр алтын кени тууралуу сөз болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен күнөөлүү деп таап, кайра жети жылга эркинен ажыраткан. Активист ага чейин да 2020-жылы соттолуп, президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG