Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Акылбек Жапаров Бишкектеги ВДНХ имараты бузуларын айтты


Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү имараты. Бишкек, Кыргызстан. (архивдик сүрөт)
Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү имараты. Бишкек, Кыргызстан. (архивдик сүрөт)

Бишкек шаарындагы Эл чарба жетишкендиктер көргөзмөсүнүн (ВДНХ) имараты бузулуп, ордуна конгресс-холл курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-ноябрда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, ВДНХ имараты жана анын айланасы мурунку убакта 49 жылга чет элдик инвесторго ижарага берилген, ал түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу убадасын берген, бирок ишке ашпай, объекттер талкаланып калган.

Акылбек Жапаров бузулган ВДНХнын ордуна конгресс-холл куруларын ырастады. Мурдараак бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев да маалымдап, жаңы конгресс-холлдо 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөрүн билдирген.

Эл чарба жетишкендиктер көргөзмөсү президенттик администрациянын жаңы имараты - "Ынтымак Ордонун" жанында жайгашкан.

Эл чарба жетишкендиктер көргөзмөсү 1947-жылы негизделген. Ал кезде бул имаратта өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана илим тармактарынын жетишкендиктери чагылдырылып турган. 1956-жылы көргөзмө Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү деп аталган. Аянты 110 гектар. Анда дендрарий, жүзүмзарлар жана жемиш бактары болгон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG