Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Орусиялыктардын 40% гана жакындарынын согушка барышын колдойт


"Левада" борбору октябрда жүргүзгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, орусиялыктардын 76 пайызы орусиялык куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерин колдой турганы белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкан респонденттердин 45 пайызы согушту “сөзсүз колдоорун”, 31 пайызы “колдосо болорун” билдирген.

Социологдор белгилегендей, согушту колдогондордун көбү 55 жаштан жогорку курактагы эркектер (81 пайыз), колдобогондор 24 жашка чейинки жаштар (67 пайыз).

Ошол эле учурда орусиялыктардын 40 пайызы гана жакын адамынын согушка барышын туура көрөт. Респонденттердин 42 пайызы мындай чечимди жактырбайт.

"Левада" борборунун директору Денис Волковдун айтымында, 17 пайыз орусиялыктар үчүн суроого жооп берүү кыйынга турган.

Волков жоопторду "орусиялыктардын канчасы СВОну (Орусия Украинадагы согушун атайын аскердик операция деп атайт – ред.) чындап колдоп жатканын жана канчасы бул жөнүндө айтып жатканын аныктоонун дагы бир жолу" деп эсептей турганын баса белгиледи.

"Жакын адамын согуш аймагына жөнөтүүнү жактыргандар -оозеки колдоо көрсөтүү эмес, бир нерсени курмандыкка чалууга даяр адамдар", - деп эсептейт Волков.

Ошол эле учурда орусиялыктардын 36 пайызы гана согуштук аракеттерди улантууну жакташат. 55 пайызы Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн убагы келди деп эсептешет.

  • 2016-жылы Юрий Леваданын бейөкмөт аналитикалык борбору же такай социологиялык жана маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзгөн "Левада" борбору орус бийлиги тарабынан "чет элдик агент" деп табылган. Уюм буга макул эмес. "Левада" борборунун сурамжылоолорунун натыйжалары мамлекеттик социологиялык кызматтардын сурамжылоолорунун натыйжаларынан бир топ айырмаланары бир нече жолу белгиленген. (MKt)

XS
SM
MD
LG