Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

ИИМ жайкы дөңгөлөк менен жүргөн машинелер аймактарга чыгарылбасын эскертти


ӨКМ тараткан сүрөт. Архив.
ӨКМ тараткан сүрөт. Архив.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга машинесине кышкы дөңгөлөк салууну эскертти.

“Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” көзөмөл өткөрмө жайларынан жайкы дөңгөлөк менен жүргөн автоунаалар өткөрүлбөйт.

“Кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, автоунаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Синоптиктер жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында жаан, кар жаашы күтүлүп жатканын, тоолордо жолдор тайгак болорун маалымдады.

15-16-октябрда Төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болгондуктан, тыгын пайда болгон.

Мындан улам ашууда миңге жакын машине токтоп калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан, жол тыгыны пайда болгонун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG