Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Украинанын акыйкатчысы Орусиядан туткундардын тизмесин сурады


Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец.
Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец.

Украин омбудсмени Дмитрий Лубинец Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москальковага кайрылып, Москва алмаштырууга даяр болгон бардык туткундардын тизмесин сурады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын сөзүнө жообунда Лубинец Украина Женева конвенцияларына баш ийип, бардык жарандарын кабыл алууга даяр экенин билдирген. Орусия алмашуу жараянын создуктуруп, муну украин коомуна кысым көрсөтүү ыкмасы катары колдонуп жатканын белгиледи.

Буга чейин Захарова Украина өзүнүн туткундарынын айрымдарын кабыл алуудан баш тартып жатканын айткан. Орусия 2024-жылы 935 кишини алмаштырууну сунуштаганын, Киев 279 украиналык туткунду гана кайтарып алганын айтып, Киевди туткундардын тагдыры кызыктырбайт деп айыптаган.

Москалькова өзүнүн Телеграм-каналында бул айтылгандарды кубаттаган.

19-октябрда Украина Орусияга 95 туткунду кайтарып берген. Анда Дмитрий Лубинец Украина дайынсыз жоголгон аскерлердин тизмесин алууга жетишкенин жана эки өлкөнүн ортосундагы согуш туткундарын алмашуу боюнча келишимдерди тездетүүнү талкуулаганын билдирген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG